УИАнын экс-кызматкери Карабаев камакка алынды 

Күн мурун укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбукта Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди 19-августка чейин камакка алганын билдирген. Биринчи май райондун соту маалыматты тастыктады — сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнмөсүн канааттандырган.

Карабаев массалык башаламандыктарга чакырыкка шектелип, 2-июлда УКМКда сурак берген. Атайын кызмат УИАнын экс-кызматкеринин сурагы боюнча комментарий берген эмес.

Карабаев онлайн-митинг өткөрөм дегени үчүн беш жылга эркинен ажыратылган жазуучу Олжобай Шакирдин сотунда коргоочу тараптын күбөсү болуп берген.

Жазуучунун адвокаты Акмат Алагушевдин айтымында, Карабаев сотто айыптоочу тараптын туруктуу эксперти Азамат Жанышбек уулу Олжобай Шакир карамалган күнү жазуучунун сөзүнүн экспертизасын кантип жасаганын айтып берген.

«Биз коргоочу тарапка күбө алып келдик — ал Илимдер академиясында иштеп кеткен мурдагы кызматкер, ал ошол Жанышбек уулу Азамат менен бир иш бөлмөдө отуруп эмгектенген. Ал ошол 23-августта Олжобай Шакир кармалган күн боюнча көрсөтмө берген. Эки кызматкер келип, жарым саатта экспертиза жасатып кетишкен. Ал Карабаев Жоомарт, ал 1-апрелде мунун баарын Фейсбукта ачык айтып берген», — деди Алагушев.

Адвокат экспертиза анчалык бат кылынбасын, ал эми Азамат Жанышбек уулу мыйзам боюнча «андай экспертизаларды жүргүзгөнгө укугу жоктугун, себеби андай ишмердүүлүк жүргүзгүдөй сертификаты жок» деп белгиледи.