Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экс-башчысы Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Асылбаева Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон жана «Маалыматты манипуляциялоо» (фейктер) жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси катары белгилүү.
Бул документ медиакоомчулуктун жана соцтүйүн колдонуучуларынын сын-пикирин жараткан. Асылбаева болсо мыйзам долбоорун сынга алгандарды «фейктер жана троллдор» деп атаган.