Эскертүү: Бул тексттин автору «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин. Кайрылууну жазууда ChatGPT нейротүйүнүн (o1-preview жана GPT-4o версиялары) жигердүү колдонгондуктан, аны толук кандуу авторлошу деп эсептейт. Текстке «Клооптун» редакторлору фактчек жасап, редактрледи.

Урматтуу президент Жапаров мырза!

Сиз жакында эле «Кабар» маалымат агенттигине курган маегиңизде «Клооп Медиа» коомдук фондун жапкан чечимди актап, юридикалык маселе катары көрсөтүп, сөз эркиндигине байланыштуу тынчсызданууларды четке кактыңыз. Кыргызстан өтө узак убакыт «анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганын» айттыңыз. Мындан тышкары, сиз «Клооп» сапаты төмөн журналистика менен алектенет дегенди кыйытып, басылманын иликтөөлөрү бир тараптуу, кимдир-бирөөнү каралоо максатында жасалган дедиңиз. Бул дооматтар биз ар дайым таянып келген нерселерге — фактыларга жана далилдерге негизделген түз жоопту талап кылат.

«Клооп» жогорку деңгээлдеги журналистиканын стандарттарын карманганы үчүн эл аралык деңгээлде таанылган. Биздин иликтөөлөр көптөгөн сыйлыктарга, анын ичинде Plunder and Patronage сериялары (OCCRP жана «Азаттык» менен бирге Матраимовдун кылмыштарын Кыргызстандын бийлиги иликтей электе изилдегенбиз) үчүн Investigative Reporters and Editors'тун (IRE) Том Раннер атындагы сыйлыгына арзыган. 2021-жылы дата-журналистика боюнча ишибиз үчүн алган Sigma сыйлыгы, IPI'дын жана IMS'тин Free Media Pioneer өңдүү көптөгөн сыйлыктары бар. Кыргызстандагы башка ЖМКлар «Клооп» сыяктуу эл аралык деңгээлде мынчалык таанылган эмес болуш керек. «Клооп» легитимсиз жана сыйга татыксыз иликтөөчү басылма деген сөздөр чындыкка дал келбейт.

Сиз биздин иштин сапатына шек келтирип, «Клооп» бир тараптуу иликтөөлөр менен алектенет дегендей кылдыңыз, бирок маегиңизде муну ырастаган бир дагы конкреттүү мисал келтирген жоксуз. Балким бизди кесипкөй эмес деп айтканда «Клооп Медиа» фондун жоюу чечимин чыгарган соттун өкүмүнө тыянгандырсыз. Анда биз ал сот жараяны кандай өткөнү жөнүндө кеңири айтып берет окшойбуз.

Сотто прокурорлор биздин материалдар Кыргызстандын жарандарына психологиялык зыян келтирип, Баткен аймагынан миграциянын өсүшүнө алып келип жатканын айтышкан. Бул айыптоолорду УКМК менен дайыма кызматташып жүргөн эксперттер колдошкон. Ошол эле маалда сотто эксперттердин бири биздин ал материалдар менен жакшылап таанышпаганын айткан. Буга карабастан, айыптоочу тарап «Клооп» өз окурмандарынын психикасына зыян келтирип жатат деген аргументти келтириш үчүн анын көрсөтмөсүн колдонгон. Окурмандардын психикасына зыян келтирүү дооматы көз карандысыз ЖМКлардын үнүн басууга багытталган аракеттердин бир бөлүгү болбогондо, аны өтө күлкүлүү деп эсептесе болор эле. Анан да Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мындай айыптоолор юридикалык жакты жоюу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

Мындай абсурддук айыптоолор сынчыларга (анын ичинде сизге да) эксперттер жазгандай бардык жамандыктарга чынында эле «Клооп» күнөөлүү деп айтууга мүмкүндүк берүү үчүн атайын доо арызга кошулган деп болжолдойбуз. Анткени бул айыптоолор айтылган сотто судьялар фонддун тарабында болгон жок.

Тилекке каршы, «Клооптун» дарегине негизсиз айыптоолор айтылган «Кабар» агенттигине курган маегиңиз биздин жогорудагы божомолубузду ырастап гана жатат.

«Клооп Медиага» каршы иште аздыр-көптүр негизи бар юридикалык доомат тек гана техникалык маселеде болгон: фонддун уюмдаштыруу документтеринде журналистика жана ЖМК катары иштөө жөнүндө түз жазылган эмес деген жүйө. Бирок биздин уставда биз дайыма алектенип келгендей эле уюмдун негизги ишмердүүлүгү катары маалымат чогултуу жана таркатуу деп так көрсөтүлгөн.  

Уставда бул жөнүндө эмне деп жазылган? 

Фонддун эски уставына ылайык, анын ишмердүүлүгүнүн предмети Кыргызстанда журналистиканы өнүктүрүү болгон. А негизги максаттары жаштардын өлкөдөгү социалдык-саясий жана экономикалык процесстер жөнүндөгү маалымдуулугун арттыруу, жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө Кыргызстандагы социалдык-саясий жана экономикалык процесстер жөнүндө өз пикирин билдирүүчү аянтча түзүп берүү болгон. Уставда фонддун милдети катары Кыргыз Республикасындагы жана анын сыртындагы окуяларга анализ жасоо, жаңы иштей баштаган журналисттерди колдоо, өлкөдөгү социалдык-саясий жана экономикалык процесстерди чагылдыруу жана талкуулоого кеңири коомчулукту тартуу жана башкалар көрсөтүлгөн.

Бирок ошентсе да райондук соттун алгачкы чечимине чейин эле биз уставга өзгөртүүлөрдү киргизип, ишмердүүлүгүбүз катары журналистика менен ЖМК катары иштөөнү так көрсөттүк. Бирок кийинки баскычтагы соттор муну көңүлгө алышкан жок. Биз бардык жеткиликтүү болгон укуктук механизмдерди колдонгонубузга карабастан, «Клооптуу» жоюу тууралуу чечим өзгөртүүсүз калтырылды. Бул сот жараяны канчалык адилетсиз жана бир тараптуу болгонун көрсөтүүдө. Демек, соттор адилеттик үчүн эмес, а бийликке жакпаган маалыматтык ресурстун үнүн басуу үчүн иш алып барган.  

Президент мырза, буга чейин өзүңүздүн башыңыздан өткөргөн окуялар бул абалды андан да коркунучтуураак кылууда. Оппозицияда жүргөндө сиз нааразылык акцияларын жетектегенсиз, алардын баары эле тынч митингдер болгон эмес. Сизди Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алган деп (кыязы, адилетсиз) айыпташкан.

Ошентсе да, «Клооп» сиздин ишиңизди объективдүү чагылдырып, сиз көптөр адилетсиз деп эсептеген шартта камакка алынганыңызды баса белгилеген. Биз сиздин үнүңүздү жеткирип, бийлик тарапташтарыңызды кантип кармаганын,  эжеңизди мекенине экстрадиция кылуу аракетин, атаңыздын тажыясына жибербей коюшканын жазганбыз.

Эми болсо сиз өзүңүзгө каршы сын айткандарга каршы репрессиялык куралдарды колдонуп, аларды куугунтуктап жана басып жатасыз.

Бүгүнкү күндө «Клооп» өз ишин улантууда жана уюмга кысым көрсөтпөгүдөй кылып, көп өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрүнүн түйүнүн кеңейтүүдө. Биздин юридикалык уюмдардын бири сиздин эжеңиз Райкүл Жапарова Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин башпаанек издеген Польшада да бар.  

«Кудайга шүгүр бул жакта мыйзамсыздык, адилетсиздик өкүм сүргүдөй Кыргызстан эмес. Бул жакты Европа дейт. Адам укугу, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк деген эң жогорку орунда турат. Жөн эле адилетсиз бийликтин колуна өткөрүп бербейт. Кудай буюрса Польшанын жарандыгын алабыз деп турабыз. Адам укугу тебеленбеген, адилеттүүлүк бар өлкөдө жашагыбыз келет», — деп жазган Жапарова анда өз билдирүүсүндө.

Тагдырдын тамашасын караңыз: кезинде сиздин үй-бүлөңүз Польшада башкалка издесе, азыр биздин юридикалык тараптардын бири ошол өлкөдө жайгашкан жана ишибиздин коопсуздугун камсыз кылууда. А биздин ишибиздин бир бөлүгү сиздин жетекчилик алдында чектелип жаткан эркиндиктерди чагылдырууда турат.

Өз маегиңизде сиз соттордун «Клооп Медианы» жабуу чечими мыйзамдуу экенин айтып жатасыз. Бирок эгер сотторду көз карандысыз ЖМКларды жабуу үчүн колдонууга мүмкүн болсо, анда сиз таянып жаткан укуктук система адилеттүүлүккө кызмат кылбайт. Ал так эле сиз камакка алынгандагыдай эле күчтүүлөргө кызмат кылат. Соттор далилдерди көз жаздымда калтырып, акылга сыйбаган айыптоолорду кабыл алып, базалык сөз эркиндигин коргобосо, Кыргызстандын эли алардын адилеттүүлүгүнө кантип ишенет?

Эгер Кыргызстандын саясий чындыгы кайрадан өзгөрүп, сиз түрмөгө (адилеттүү же адилетсиз) камалып калсаңыз, «Клооп» сиздин ишиңизди калыс чагылдырат деп ишенсеңиз болот. Сиздин ишмердүүлүгүңүздү азыр жана сиз оппозицияда жүргөндө кандай чагылдырсак, саясий кырдаалга карабастан ошондой эле чагылдыра беребиз. 

Жапаров мырза, эми «Кабарга» берген маегиңизге кайрылсак, кайсы бир деңгээлде сиз туура айттыңыз. «Клооп Медиа» коомдук фондунун жоюлушу Кыргызстандагы сөз эркиндигине көп деле таасир этпейт, анткени ал «Клооптун» ишин токтотпойт — тескерисинче, бизди шартка ыңгайлашууга жана өнүгүүгө гана түртөт.

Кыргызстандагы юридикалык уюмдарыбыздын бирин жабуу коркунучу эле бизди кыйла ийкемдүү кылып, жасалма интеллекттен тарта криптовалютага чейинки жаңы технологияларды пайдаланууга жана ишибизди глобалдык деңгээлге кеңейтүүгө түрттү. Добуш берүүгө көз салуу максатында Кыргызстандагы шайлоолор үчүн иштелип чыккан программалык камсыздообузду Зимбабведеги, Түндүк Македониядагы, Венгриядагы, Польшадагы жана Босниядагы көз карандысыз байкоочулар колдонушту. 

Бирок президент мырза, адашпаңыз — сиздин аракеттериңизден улам Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы азыр эле өтө оор болуп калды. Соттун бул конкреттүү чечими анчалык деле маанилүү болбосо да, көз карандысыз басылмаларга жана жөнөкөй соцтүйүн колдонуучуларына басым күчөп жатат. Сиздин аракеттериңиз бир кездерде Кыргызстанды аймактагы уникалдуу өлкө кылып келген эркиндиктердин талкаланышына алып келүүдө. Барган сайын сизди Кыргызстандын эгемендигин коргогон лидер катары эмес, демократия аралчасын чөктүрүп жиберген адам катары эстеп калчудай туюла баштады.