Садыр Жапаровдун тууганы эл аралык издөөгө берилди

Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө алынды — ал «кылмыштуу кирешелердин изин жашырган» деп шектелүүдө. Жапарова, Октябрь райондук соту ага өкүм чыгараар алдында, алты жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалууда.

Ал учурда сот аны «Кылмышка шериктеш болуу» жана «Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу» беренелери менен сыртынан 7 жылга кескен.

2015-жылы Бишкек шаардык соту ага кошумча «Коммерциялык жана башка уюм кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча айып таккан. Сот ага мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, 3 жылга банктык ишмердик кылууга тыюу салган.

Райкүл Жапарова «Ысык-Көл» банкынын төрайымдык кызматын аркалаган. Банктын мурдагы төрагасы, Болот Байкожоев банк рейдерлик жол менен тартып алынганы тууралуу арыз менен башкы прокуратурага кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, банкты Максим Бакиев тартып алган — ал Кыргызстандын качып кеткен экинчи президенти Курманбек Бакиевдин уулу.

Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев рейдерлик басып алуу ишин кылгандан кийин аркалай баштаган. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгып кеткен — Максим Бакиев Улуу Британияда жашайт.

Бакиевдер чыгып кеткенден кийин гана рейдерлик басып алуу тууралуу Башкы прокуратурага кабарланып, ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Редакторлору: Айжамал Джаманкулова, Айдай Иргебаева