Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары саясатчылар бошотулсун деген талап менен митингге чыгышты

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Жогорку сот имаратынын алдында. Сүрөт: RFE/RL

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун 200дөн ашуун тарапкерлери Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Жогорку сот бүгүн саясатчылардын иштерин кайра карап жатат. Митингчилер «Текебаевге боштондук!», «Жапаровго боштондук!» деген ураандары менен чыгышты.

Cаясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты

Cаясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Жогорку сот бүгүн алардын иштерин кайра карап жатат. Митингге чыккандар сот адилеттүү болуп, Текебаев менен Жапаровду бошотушун талап кылышууда: http://ky.kloop.asia/2019/04/23/tekebaev-menen-zhaparovdun-taraptashtary-sayasatchylar-boshotulsun-degen-talap-menen-mitingge-chygyshty/

Posted by Kloop кыргызча on Monday, April 22, 2019

Митингге «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана анын партиялашы Каныбек Иманалиев келишти.

«Биздин адвокаттар беш жаңы ачылган жагдай боюнча кайрылышты. Биз соттордон адилеттүү, мыйзамдуу чечимди талап кылышыбыз керек. Биз басым кылалы деген жокпуз, биз жөн гана мыйзамдуу чечимди талап кылабыз. [...] Текебаев менен Жапаров үчүн чынчыл сот талап кылабыз», — деп билдирди Шыкмаматов.

Саясатчылардын тарапташтары жаңы Жазык-процесстик кодекси күчүнө кирип, Жогорку сот Текебаев менен Жапаровдун кылмыш иштерин кайра карап жаткандыктан митингге чыгышты.

Сот саясатчыларды экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда күнөөлүү деп тапкан. Бирок азыр өлкөнү башкарбай калган Атамбаев эгер жаңы жагдайлар пайда боло турган болсо Текебаев менен Жапаровдун кылмыш иштерин кайра карап чыгууну колдоп жатат.

Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш иши ал оппозициялык «Ата Мекен» парламенттик партиясынын лидери болуп турганда Атамбаев демилгелеген конституциялык реформага каршы чыккандыгы үчүн козголгон.

Саясатчы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден миллион доллар пара алуу жана коррупция боюнча айыпталган. Тергөөнүн версиясына ылайык, акчаны алган соң Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга жол ачып бермекчи болмок. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ыктымал ортомчу болгону айтылган.

Экөө тең күнөөлүү деп табылып 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыс боюнча алардын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Саясатчылар күнөөлөрүн моюндашкан эмес.

Ал эми оппозиционер Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип айыпталган. Бирок Каптагаев өзү Жапаровго карата дооматы жана анын күнөөсү жок экенин айткан. Натыйжада оппозициячыл саясатчы 11,5 жылга эркинен ажыратылган.