ИИМ Польшадан кармалды деген Садыр Жапаровдун эжеси полицияга сурак гана берди

Райкүл Жапарова

ИИМ 26-майда Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова Польшадан кармалды деп маадымдаган. Бирок Жапарова бул маалыматты четке кагып, ал полицияга сурак берип гана чыкканын кабарлады. Анын билдирүүсүн иниси Дөөлөт Жапаров WhatsApp мессенжери аркылуу журналисттерге таратты.

«Кечээ жакында полициядан чакыруу келип, сурак берип келдим. Кудайга шүгүр бул жакта мыйзамсыздык, адилетсиздик өкүм сүргүдөй Кыргызстан эмес. Бул жакты Европа дейт. Адам укугу, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк деген эң жогорку орунда турат», — деген пикирин билдирген Жапарова.

Андан сырткары ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук соту эки жолу, Свердлов райондук соту бир жолу «Райкүл Жапарованын күнөөсү жок» деп ишти артка прокуратурага жөнөткөнүн айтат. Бирок кийин атайын тапшырма менен кылмыш иши козголуп, сыртанан кесилгенин белгилеген.

«Ошентип, такыр айлалары кеткенде Октябрь райондук сотунда мыйзамды карабаган, күнөөң барбы, же жокпу деп териштирбеген, өздөрүнүн көздөй кишиси барбы, айтор, төртүнчү жолу ошол жакка жөнөтүшүп, “Ак үйдөн” сотко буйрук беришип, мени 2014-жылы 7 жылга, кийин 2015-жылы шаардык соттон 10 жылга сырттан соттотушкан», — деп айтылат маалыматта.

Жапарова сот иштери башталганга чейин үй-бүлөсү менен саясий башпаанек сурап, Польшага чыгып кеткен. Учурда аларга саясий башпаанек берилип, Женеванын паспорту дагы ыйгарылган. Андан сырткары, Жапарова Польшанын жарандыгын алууга дагы аз калганын белгилейт.

Райкүл Жапаровага байланыштуу иш

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 22-майда Польшадан Райкүл Жапарова кармалып, учурда Башкы прокуратура тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Ошондой эле ИИМ Жапарова Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, мал-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Ал эми эл аралык издөөгө үстүбүздөгү жылдын февраль айында жарыяланган.

Райкүл Жапарова учурунда «Ысык-Көл» банкынын төрайымы болгон. Банктын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев банк рейдерлик жол менен тартып алынганы тууралуу арыз менен башкы прокуратурага кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган. Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев аны рейдерлик жол менен басып алгандан кийин аркалай баштаган.

2010-жылдагы төңкөрүштөн соң Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана рейдерлик басып алуу тууралуу Башкы прокуратурага кабарланып, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Райкүл Жапарова абакта жаткан экс-депутат жана оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы.