Депутаттар парламенттин 23-октябрдагы жыйынында ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.
Документти 63 депутат колдоп, алты эл өкүлү каршы добуш берди. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын көбү айып пул өлчөмүн азайтуу керектигин айтышты. Алсак, эл өкүлү Жанар Акаев аны 100 эсеге — 1000-2000 сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштады.
Ошол эле маалда парламентарийлердин көбү интернетте жалаа жабуу үчүн айып салуу мыйзамы учурда зарыл экенин айтышты. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынарынан күмөнү жок экенин белгиледи.
Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Маданият министрлигин мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөгөн. Ал документте көрсөтүлгөн айып пулдун өлчөмү негизсиз жогору экенин билдирген.
Интернетте жана ЖМКда жалаа жабуу, мазактоо үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Маданият министрлиги демилгелеген.
Документке ылайык, ЖМКда же интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң айып салуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, акыркы кездери «ЖМК жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо, жалаа жабуу учурлары көбөйгөнү» байкалууда.