Кыргызстан Түркия менен биргеликте кино жана сериалдарды тарта баштайт

Бул тууралуу Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкекте өтүп жаткан XI саммитинде билдирди.

Анын айтымында, 5-ноябрда өлкөлөр аудиовизуалдык өндүрүш тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

«Бул тасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды тартууда Түркия менен кызматташуубузга мүмкүндүк берет. [...] Биз жакында эле Италия менен да ушундай келишимге кол койгонбуз», — деди министр.

Максүтов Кыргызстандын бийлиги киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жыл сайын көбүрөөк акча бөлүп жатканын белгиледи. Быйыл бул максатта бөлүнгөн каражаттын суммасы 1 млрд сомду түздү.

«Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу үчүн 2025-жылы тасмалар тартыла турган павильондорду курууну пландап жатабыз. Популярдуу сериалдары менен белгилүү болгон Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш болуп калат», — деп кошумчалады министр.