Депутат бейтаптар Инфекциялык ооруканадагы шарттарга нааразы болуп жатканын билдирди

Депутат Аида Исатбек кызы бейтаптар Республикалык инфекциялык ооруканадагы антисанитардык шарттарга нааразы болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин Социалдык саясат комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында айтты.

Исатбек кызы буга чейин соцтүйүндөрдө бейтаптардын бири тарткан видео тараганын белгиледи. Анда колдонулган ийнелер жаңылары менен бир лотокто жатканы көрсөтүлгөн.

«Мага бейтаптар дагы деле кайрылып жатышат [...] Видеодо толук антисанитария экени көрүнүп турат. Ал деген инфекциялык оорукана, бейтаптар ал жакка башка ооруну жуктуруп алуу үчүн эмес, дарылануу үчүн барышат», — деди депутат.

Исатбек кызы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди тиешелүү чараларды көрүүгө жана медицина кызматкерлерине санитардык эрежелерди түшүндүрүп коюуга чакырды. Өз кезегинде министр орун басарына бул боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасын бергенин билдирди.

Буга чейин black_list.kg инстаграм баракчасына баласы менен инфекциялык ооруканада жаткан келиндин видеосу жарыяланган. Анда ал медайым колдонулган ийнелерди өз-өзүнчө эмес, баарын чогуу коюп жатканына нааразылыгын билдирген.

«Азыр менин балама ийне сайганда катетери чыгып кетти туурабы? Сиз аны [ийнени] бул жерге [лотокко] салып, ушул жерден эле экинчи ийнени алып, экинчи балага сайып салдыңыз. [...] Гепатит билесиңерби ушинтип жугат? [...] Үч баланын ийнеси өз-өзүнчө эмес, бир лотокто жатат», — деп нааразы болгон келин.