Ош облусундагы Алай районунун 1195 жумушсуз жана аз камсыз болгон тургуну Эмгек министрлигинин «Эмгек ордуна азык-түлүк» долбооруна катышып, акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган.
Мекемеден жергиликтүү тургундар суу түтүктөрүн монтаждоо, габион торлорун, көпүрөлөрдү, суу сактагычтарды жана балык көлмөлөрүн куруу иштерин аткарганын билдиришти. Мындан тышкары алар жээктерди бекемдеп, жөө адамдар өтүүчү жолдорду асфальттап, каналдарды казышкан.
«Социалдык маанилүү иштерге» (министрлик ушундай жазган — ред.) катышканы үчүн тургундар 300 кг ун, 30 литр өсүмдүк майын жана $327 миңден ашык каражат алышты.
Ошондой эле көчүп келген памирлик кыргыздарды жумушка орноштуруу чараларынын алкагында 15 киши тигүү жана автоунаа айдоо боюнча окутуулардан өткөрүлдү.