Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча кармалды

Милиция шайлоочулардын добушун сатып алуу иши боюнча «Социал демократтар» партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди кармады.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Турксевер Карамушкина менен «өз ара келишип алып», ар бир шайлоочуга 1000 сомдон берип, алардын добуштарын сатып алган.

Бишкек милициясынан «Социал демократтардын» штабындагы тинтүүнүн жүрүшүндө Турксевер «15 миң сомдон 30 миң сомго чейинки суммадагы каражаттарды таратуу тууралуу кагаздарды жок кылууга аракет кылганын» белгилешти. Мекеменин билдирүүсүндө ал акчага 40 кишинин добушун сатып алууну көздөшкөнү жазылган.

Милиция ошондой эле штабдагы тинтүү маалында 28 миң сомдон ашык каражат алынганын билдирди. Учурда бул боюнча тергөө уланууда.

Партиянын лидери Темирлан Султанбеков милиция айлыктарды төлөөнү добуш сатып алуу катары кабыл алып жатканын билдирди. Анын айтымында, маяналар жөнүндө маалымат БШКнын сайтында да бар.

«”Талапкер” сайтын ачсаңар, ал жакта Ниязов Назар Аблезимовичке 15 000 сом өлчөмүндө айлык төлөнгөнү көрсөтүлгөн, бизде тиешелүү келишим бар», — деди Султанбеков.

13-ноябрь күнү кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Социал демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын талапкери Данияр Чолпонбаевдин телефон сүйлөшүүсү делген аудиожазууну тараткан.

Милициядан «Социал-Демократтар» анда «алдыдагы шайлоодо добуш сатып алуу жөнүндө талкуу жүргүзүп жатканын» билдиришти. Ошол эле маалда аудиожазууда добуш сатып алуу жөнүндө түз айтылган эмес.

13-ноябрь күнү кечинде «Социал демократтар» партиясынын мүчөлөрү өздөрүн тааныштырбаган белгисиз кишилер штабга келип, тинтүү жүргүзө башташканын билдиришкен. Андан соң партия лидери Темирлан Султанбековди суракка алып кетишкен. 

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Андагы талапкерлердин арасында «Социал демократтардын» да мүчөлөрү бар.