Эки киши тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган тогуз жаштагы кыздын иши Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотуна өттү.
Адвокат Индира Саутова «Клоопко» өткөн жумада экинчи жолу психологиялык-психиатриялык экспертиза өткөрүлүп, айыпталуучулардын акыл-эси жайында деген корутунду чыгарылганын билдирди.
«Алгачкы экспертиза эки айыпталуучунун тең акыл-эси жайында эмес деген корутунду чыгарган. Мен дагы бир экспертиза өткөрүү боюнча өтүнүч келтиргем. Анткени кыздын апасынын айтымында, айыпталуучулар насыя алып, окуп жүрүшкөн, бири мектепти аяктаган», — деди ал.
Саутованын айтымында, экинчи экспертиза айыпталуучулар кылмыш кылып жатканын жана бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин түшүнгөнүн көрсөтүүдө. Ал биринчи экспертизанын корутундусу алардын психиатриалдык каттоодо турганына негизделип чыгарылганын кошумчалады.
Буга чейин кыздын апасы акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага айыпталуучулар кызын бир нече жолу зордуктаганын билдирген. Анын айтымында, сексуалдык зомбулук 2021-жылдын декабрынан (кыз алты жаш кезинен) бери уланып келген. Аял зордукчулардын коркутуусунан улам кызы бул жөнүндө айтуудан коркуп жүргөнүн кошумчалаган.
Сентябрдын ортосунда Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында тогуз жаштагы кызды сабоого жана зордуктоого шектелген эки киши кармалып, тергөө абагына киргизилгени кабарланган.