Орусиянын Екатеринбург шаарында 20 жаштагы кыргызстандык таксист Султан Абдумаликов өмүрүн тобокелге салып, өрт чалган бейтапканадан улгайган адамдарды эвакуациялоого жардам берген. «Медуза» басылмасы бирок ал жакында мекенине депортацияланышы мүмкүн экенин жазууда.
Султан 18-февралда түштөнүүгө бара жатканда имараттагы өрттү байкаган. Ал андагы адамдарды эвакуациялагандан тышкары бейтапкананын кызматкерлерине өрттү өчүрүүгө да жардам берген. Жыйынтыгында ал түтүнгө ууланып, ооруканага жаткырылган.
«Имараттын ичине кирип, “сыртка чыккыла” деп бир нече жолу кыйкырдым. Андан соң бейтапкананын экинчи кабаты аркылуу чатырга чыктым. Жумушчу экөөбүз өрт өчүргүчтөр келгенге чейин жалынды өчүрө баштадык. Төмөн түшкөндөн кийин өзүмдү начар сезип, эс-учумду жоготтум», — деп билдирген ал «КП-Екатеринбург» басылмасына.
Эртеси Султанга полициядан телефон чалып, келип кетүүсүн өтүнүшкөн. Таксисттин айтымында, анын эмгек келишими жок болгондуктан, укук коргоо органдары ал мекенине депортацияланышы мүмкүн экенин билдиришкен.
Султан окуя жөнүндө орусиялык басылмаларга айтып бергенден кийин полиция кайра байланышка чыгып, ал тез арада эмгек келишимин түзсө, депортацияланбай турганын билдирген.
Ошентсе да 21-ноябрда Железнодорожный соту кыргызстандыкты Орусияда жүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү деп тапкан. Учурда Абдумаликов чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда депортацияны күтүүдө.
Ноябрдын башында Кыргызстан ИИМи Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарын бул өлкөдөгү миграциялык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен жакшылап таанышууга чакырган. Мекеме мигранттар укуктук жардам алуу үчүн тиешелүү органдарга өз убагында кайрылса жакшы болорун белгилеген. Бул үчүн Орусиянын бир нече аймагында Кыргызстан ИИМинин өкүлчүлүктөрү ачылган.
Мекеменин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын 72 миңге жакын жараны Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт.
Быйыл күзүндө Орусиянын Мамдумасы мигранттарга каршы бир катар мыйзамдарды кабыл алды. Алардын бирине ылайык, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар кылмыш жасаган учурда аларга кыйла катаалыраак жаза колдонулат.