37 күндөн бери айып изоляторунда. Активист Аспеков ТИЗОдо ачкачылык жарыялады

Тергөө абагындагы активист Мелис Аспеков камактагы кыйноо шарттарына нааразылык иретинде 5-декабрда ачкачылык жарыялады.

Анын Фейсбук-барагына жарыяланган билдирүүдө активист жүрөгүнө операция жасалганына карабастан, 37 күндөн бери айып изоляторунда отурганы жазылган.

«Негизи 15 суткадан ашыкча адамды жалгыз кармоо болбойт, кыйноо болуп саналат. Ошого карабай, узуну 3 метр, туурасы 1,5 метр болгон суук, кир, тар, антисанитария болгон жерде кармап, жүрөгү ооруп, операция болгонуна карабай, чыгарбай жатышат», — деп жазылган билдирүүдө.

Күзүндө соцтүйүндөргө Аспековдун видеокайрылуулары жарыяланган. Анда ал 2020-жылдагы октябрь окуяларында Садыр Жапаров Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон $3 млн алганын айткан. Мындан тышкары анда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү жана Кумтөр кени жөнүндө да сөз болгон.

Кезинде Аспеков Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2024-жылы мартта сот аны жапырт башаламандыктарга даярдык көрүү иши боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан.