Бир катар ЖМКлар өз булактарына таянып, аткаминер 5-декабрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ошол эле күнү Салык кызматынын башчысынын дагы бир орун басары Бекболот Алиев да суракка чакырылган.
«Ырасталбаган маалыматтар боюнча, көрсөтмө бергенден кийин аны кое беришти», — деп жазды 24.kg.
Азырынча УКМК бул боюнча маалымат бере элек.
Бир нече күн мурда УКМК кызматкерлери Салык кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Андан соң башкармалыктардын төрт жетекчиси жана бир катар кызматкерлери суракка жеткирилген. Кийинчерээк атайын кызматтан башкармалык жетекчилери акциздик товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууларды жашырууга шектелип жатканын билдирген.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында салыкчылар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга байланышкан коррупцялык схема түзүшкөнүн билдирген. Анын айтымында, мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым 3,2 млрд сомду түзгөн.