Ташиев Кыргызстанда азыр уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин билдирди

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 17-декабрдагы басма сөз жыйынында күч түзүмдөрү уюшкан кылмыштуу топтордун бардык каржы булактарынын тамырларын кыркып бүткөнүн айтты.

Ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн жыйынтыгында акча жана мүлк түрүндө мамлекетке 50 млрд сомдон ашык сумма алынганын билдирди.

«Алардын ичинен 2-3 пансионат сатылып кетти. Бул Камчы Көлбаевдин, Кадырбек Досоновдун, Эркин Мамбеталиевдин, Чыңгыз Жумагуловдун жана башкалардын [активдери]», — деди ал.

Атайын кызматтын башчысы мындан ары өлкөдө эч кандай «смотрящийлер жана мыйзамдагы уурулар» болбой турганын белгиледи.

«Азыр кандайдыр бир бандиттер болсо, алар акчасы жок көчөдө калган бандиттер. Ак жакалуу бандиттер жок. Мындар ары кыргыз эли тынч, бандиттерден коркпостон жашайт, ишкерлерибиз өз бизнесин кылып жашай берет», — деди Ташиев.

Буга чейин УКМКнын башчысы уюшкан кылмыштуулук жана «олигархтар» менен болгон күрөштөн мамлекетке 125 млрд сомго жакын каражат түшкөнүн билдирген. Анда ал коррупционерлерге каршы чаралар күчөтүлөрүн айткан. Декабрдын башында парламент коррупциялык кылмыштар үчүн «жазадан айып төлөп кутулуу» мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.