Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2-январь күнү кечинде Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, 1-январдан тарта өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдары күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент декабрдын аягында кол койгон.
«Эми коррупционерлер айып төлөп чыгып кете албайт, түрмөдө калат. Аларга өмүр бою кандайдыр бир кызматтарда иштөөгө тыюу салынат, а мамлекеттик кызматтарда иштеген туугандары иштен алынат»
, — деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы бийликтин негизги максаты — жемкорлукту толугу менен жок кылуу экенин айтып, 2025-2026-жылдары Кыргызстан коррупцияны жеңе турганын белгиледи.
«Биз уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү баштаганыбызда да көпчүлүгү бизге ишенген эмес. Айрымдары “колуңардан келбейт” деп шылдыңдап да чыккан. Азыр мен жоопкерчиликтүү түрдө Кыргызстанда бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтор жок деп айта алам»,
— деди Ташиев.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин «кустуруу» программасын баштаган. Ага ылайык, алдамчылык жана жемкорлук үчүн кармалган саясатчылар менен ишкерлер мамлекетке келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин эркиндикке чыга алган.
Бирок 2024-жылы декабрда Ташиев тамаша иретинде жемкорлордо 31-декабрга чейин «кылмыш жасоого убактысы бар экенин» айтып, алар бул мөөнөткө чейин жазадан айып төлөп кутулса болорун, кийинки жылдан баштап абакка камала баштай турганын билдирген.
Декабрдын соңунда президент жемкорлорго жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коррупциялык беренелер менен соттолгондор эми жазадан айып төлөп кутула алышпайт. Мындан тышкары аларга өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө, ошондой эле келишимдик негизде аскердик кызматка кирүүгө тыюу салынат. Коррупциялык кылмыш оор же өтө оор болгон учурда мындай тыюулар күнөөлүүлөрдүн жакын туугандарына да тиешелүү болот.