Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2-январь күнү кечинде Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Ал эрежесиз уруш спорттун эмес, мушташтын бир түрү экенин белгиледи.
«[Спортчулар] күчүңөр барбы спорттун олимпидалык түрлөрүнө катышкыла. [...] Эрежесиз уруштар жаштарга жана коомчулукка терс таасирин тийгизип жатат. Келечектеги муундар күчтүү болсок, бирөөнү урсак же мушташсак жакшы болот экен деген ойдо калып жатат. [Бирок] андай эмес. Илимдүү-билимдүү болушубуз керек»,
— деди атайын кызматтын башчысы.
Ташиев эрежесиз уруштарга катышуу үчүн машыгып жаткан спортчуларга спорттун олимпиадалык түрлөрүнө өтүүнү сунуштады.
«Башка мамлекеттерде машыгып жатпайбы дегендерге айтар эле, бул алардын өздөрүнүн иши. [...] Биз өзүбүзгө, өзүбүздүн коомубузга, эртеңки келечектеги муунга жооп берели. Керек болсо бул мусулманчылыкта да туура эмес нерсе, динибизде деле бири-бирибизди былчылдатып, башка-көзгө уруп, эсин жоготуп, бир жери сынганча чапкылай берүү туура эмес»,
— деди Ташиев.
Ал спорттук уюмдарды Кыргызстанда эрежесиз уруштарды чектөө үчүн катаал чараларды көрүүгө чакырды.