«Кумтөргө» жетекчи болуп Бузурман Субанов дайындалды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов кызматтан кетип, ордуна Бузурман Субанов дайындалганы белгилүү болду. Ишкананын сайтында Субанов компаниянын президенти деп көрсөтүлгөн.

Ал кызматкерлерди Жаңы жылы менен куттуктап, 2024-жыл копания үчүн ийгиликтүү жыл болгонун, быйыл президент койгон бардык тапшырманы так аткарууга аракет кыларын белгилеген.

Субановго чейин бул кызматты ээлеп келген Алмазбек Барыктабасов эмнеге иштен кеткени белгисиз. Ал 2022-жылдын августунда Теңгиз Бөлтүрүктүн ордуна дайындалган.

2021-жылы  бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген, анда компанияны Теңгиз Бөлтүрүк жетектеген.

2022-жылдын августунда «Кумтөрдүн» ишинде каржылык бузууларды аныкталып, Бөлтүрүк иштен алынган. Ал кармалып былтыр мартта келтирилген 1 млрд 146 млн сом зыяндын 642 млн сому кайтарылган.

Ноябрда сот Бөлтүрүктү «Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, ага 800 миң сом айып пул салуу чечимин чыгарган.