Президент Садыр Жапаров электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТК) боюнча жумушчу топ бир айдын ичинде өз сунушун бере турганын билдирди.
Буга чейин Минкабда ЭТТКны колдонуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, анын жетекчиси болуп Минкаб башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дайындалган.
ЭТТКны толтуруу 2023-жылдын башынан бери милдеттүү болуп калган. Бирок бул талап жана салык тармагындагы башка жаңы киргизилген эрежелер көп жолу соодагерлердин нааразычылык акцияларына себеп болгон.
Былтыр 23-декабрда парламенттин бюджет комитетинин жыйынында Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны салыктык жана бюджеттик негизги беш гана товар түрүнө калтырууну сунуштаган: мунай, спирт, алкоголь ичимдиктери, тамеки жана медициналык буюмдар. Ошондой эле ал ЭТТК шашылыш түрдө жана жетиштүү изилденбей киргизилгенин белгилеген. Кийинчерээк Минкаб ЭТТКны жокко чыгарбай, жөнөкөйлөтө турганын маалымдаган.