Жапаров транспорт салыгы жоюлганын билдирди

Президент Садыр Жапаров «Жол фонду жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн кабыл алынганына байланыштуу транспорт салыгын жоюу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ал мындан ары транспорт салыгы алынбай турганын, анын ордуна 1-январдан тарта жарандар унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алына баштаганын белгиледи.

Жапаров мындан тышкары 2025-жылдын 1-январына чейин транспорт салыгын төлөбөгөн жарандардын карызын кечүү тапшырмасын бергенин билдирди.

«Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик», — деп белгиледи ал.

Президент салыктардын эсебинен «мамлекет кармалып турарын жана күчтүү болорун» белгилеп, кыргызстандыктарды салыктарды өз убагында төлөп турууга чакырды.

«Эмгек акылар, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды экенин унутпаңыздар. Салык төлөбөй жүрө берсек кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек»,— деди ал.

Жапаровдун айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө «салык ыйык», ошондуктан аларда салык төлөбөгөндөр же жашыргандар үчүн «өтө катуу жазалар каралган».

2024-жылы декабрда президент «Жол фонду жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, күйүүчү майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон кошумча жыйым алына баштайт — ал Транспорт министрлигинин алдындагы Жол фондуна түшөт.

Кийинчерээк Минкаб жыйымдарды бензин жана дизель отунун импорттоочулар менен өндүрүүчүлөр төлөй турганын билдирген. Анда жыйымдардан түшкөн каражат автоунаа жолдорун оңдоого, тейлөөгө, курууга жана реконструкциялоого пайдаланылары айтылган.

Мыйзамдын демилгечилеринин маалыматына ылайык, азыр жылына жолдорду коопсуз абалда кармап туруу үчүн талап кылынган 10 млрд сомдун ордуна мамлекеттик бюджеттен 2 млрд гана сом бөлүнөт. Бөлө келгенде бул жолдун ар бир чакырымына 100 сомдон гана туура келет. Демилгечилер жолдорду талаптагыдай кармап туруу үчүн бул «өтө эле аз» экенин белгилеп жатышат.