Молдованын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү министрлиги кыргыз авиакомпанияларынын бул өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу сала турган документти коомдук талкууга алып чыкты.
Тыюу Кыргызстандан тышкары Орусия, Армения, Ооганстан, Танзания жана Иран сыяктуу бир топ өлкөлөрдүн авиакомпанияларына да тиешелүү болушу мүмкүн.
Министрлик документтин негизги максаты — өлкөнүн мыйзамдарын жарандык авиация тармагындагы эл аралык стандарттарга, анын ичинде Евробиримдиктин нормаларына шайкеш келтирүү экенин билдирүүдө.
«Эгер долбоор жактырылса, бул компанияларга Молдовадагы ишмердүүлүгүн токтотууга туура келет», — деп жазылган документте.
Өлкөнүн аба мейкиндигинде учууга чектөө киргизиле турган авиакомпаниялардын тизмесинде Кыргызстандын 16 компаниясы бар:
- AERO NOMAD AIRLINES;
- AEROSTAN;
- AIR COMPANY AIR KG;
- AIRCOMPANY MOALEM AVIATION;
- AVIA TRAFFIC COMPANY;
- CENTRAL ASIAN AVIATION SERVICES;
- FLYSKY AIRLINES;
- GLOBAL 8 AIRLINES;
- HELI SKY;
- KAP.KG AIRCOMPANY;
- MAC.KG AIRLINES;
- SAPSAN AIRLINE;
- SKY JET;
- SKY KG AIRLINES;
- TRANS CARAVAN KG;
- TEZ JET.