Кел-Сууда муз үстүндө унаа айдоого тыюу салынды

Жаратылыш министрлиги Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кел-Суу көлүнүн бетиндеги музда автоунаа айдоого тыюу салды. Буга чейин соцтүйүндөрдө туристтердин жолтандабастар менен тоңгон көлдүн үстүндө жүргөнү тартылган видео тараган.

Мекемеден мындан ары көлгө уруксат алып жана уюштурулган турлардын коштоосунда гана барууга болорун белгилешти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Экогологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын Нарын аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү көлдү текшерип, «унаанын, күйүүчү майдын же желимдин издерин» табышкан эмес.

«Көк-Кыя тилкесинде туристтерди кабыл алган бир гана конок үйү иштеп жатат [...] Ал "Медер Ютком” туристтик базасын башкарган Бирлик айылынын тургунуна таандык. Аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди», — деп билдиришти мекемеден.

Жаратылыш министрлиги жарандар менен туристтерге көлгө өз алдынча автоунаа менен барууга «катуу тыюу салынганын» эскертип, ал жакта туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлөрүн билдирди.

Буга чейин экоактивист Влад Ушаков тоңуп турган Кел-Суу көлүнүн үстүндө туристтер жолтандабастар менен жүргөнүнө даттанган.

Активист мындай көңүл ачууну «экоцид» деп атап, аткаминерлерди аракетсиздикке айыптаган. Анын айтымында, унаа-турлары Кыргызстандагы суу коргоо аймактарынын жана суу объектилеринин абалы жөнүндөгү жоболорду бузууда.

Кийинчерээк парламенттин депутаты Дастан Бекешев мындай турларды токтотуу керектигин билдирген. Анын айтымында, көпчүлүк жарандар муз эригенде зыяндуу заттар сууга түшөрүн түшүнбөй жатышат.

Былтыр БУУ 2025-жылды Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылы деп, 21-мартты Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөр күнү деп жарыялаган.