FFE уюму Беларустагы шайлоодо байкоочу болгон кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнө санкция салууга чакырды

Австриялык Freedom For Eurasia (FFE) укук коргоо уюму кыргыз аткаминерлери менен депутаттарын 26-январда Беларуста өткөн президенттик шайлоого байкоочу катары катышканы үчүн айыптаган билдирүү таратты.

FFE'ден кыргыз делегациясынын «КМШ жана ШКУ миссияларынын курамында» катышуусу адилетсиз өткөн шайлоого легитимдүүлүк бергенин билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, делегациянын курамында БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова жана анын эки кесиптеши — Абдыжапар Бекматов менен Мейкинбек Абдалиев болгон.

Мындан тышкары Беларуска парламент депутаттары Улугбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Алтынбек Кылычбаев да барган.

«Алардын катышуусу чыныгы атаандаштык жок, оппозицияны ар тараптан коркутуу жана негизги укуктарды жапырт басмырлоо менен өткөн жараянды актоо катары кызмат кылууда», — деп билдиришти FFE'ден.

Уюмдун пикири боюнча, кыргыз делегациясынын шайлоодо байкоочу болгону — «демократиялык принциптер менен эл аралык нормаларды тоготпогондук» болуп эсептелет.

Буга байланыштуу FFE демократиялык өлкөлөрдү Александр Лукашенконун авторитардык режимин колдогону үчүн делегация мүчөлөрүнө санкция салууга чакырды.

Күн мурун Беларуста өлкөнүн эгемен тарыхындагы жетинчи президенттик шайлоо өттү. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, анда Александр Лукашенко жеңишке жетти — өлкөнүн БШКсы ал шайлоочулардын 86% ашыгынын добушун алганын билдирүүдө. Бул 70 жаштагы Лукашенко үчүн жетинчи президенттик мөөнөт.

Европа биримдигинин жана батыштагы бир катар өлкөлөрдүн пикиринде, Александр Лукашенко 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийин легитимдүүлүгүн жоготкон. Ал шайлоо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жапырт бурмалоо жана Лукашенконун отставкасын талап кылган оппозициянын катышуусундагы акциялардын күч колдонуп басылышы менен коштолгон.

Расмий маалыматтарга ылайык , 2020-жылдын август айынан ноябрь айына чейин Беларуста 13 миңден ашык киши кармалган. Кийинчерээк БУУ нааразылык акциясына чыккандарды кыйноого алуу жана катаал мамиле кылуу боюнча 450дөн ашык документтештирилген учурлар бар экенин билдирген.