Чүй облустук милициясы Кант шаарындагы №3 мектептин 10-классында окуган 15 жаштагы өспүрүм мушташтан улам каза болгонун кабарлады.
Маалыматка ылайык, мушташ 22-январда болгон. Алгач өспүрүмдөп кер-мур айтышып, кийин мушташа кеткен. Бир бала оруканага түшүп, 25-январда алган жаракатынан улам каза тапты. Милицияга маркумдун агасы кайрылган.
Бул боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуучулар жана мугалимдер сурак берип, териштирүү уланууда.
«Тергөөдөн соң мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат. Иш облустук милиция менен ИИМдин көзөмөлүндө», — дешти милициядан.
Буга чейин Аксыда топ балдар өспүрүмдү сабап кеткен. Андан мурда Бишкекте чоң класстын окуучусу өзүнөн кичүүлөрдү «тартипке чакыруу» үчүн кол көтөргөнү айтылган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдардан мектептерде балдардын коопсуздугун камсыздоону, зомбулукту алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылган.