ЖМК: Акциздик маркаларга байланыштуу Тыныбек Исаев кармалды

«Аю» компаниясынын директору Тыныбек Исаев кайрадан кармалды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазды.

Kaktus.media'нын маалыматына ылайык, Исаевди УКМКнын кызматкерлери кармап, тергөө абагына киргизишти.

«Тергөөнүн версиясына ылайык, алкогол ичимдиктеринин акциздик маркалары боюнча келтирилген болжолдуу зыян 20 млрд сомду түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, акциздик маркаларга байланышкан алдамчылык тууралуу 2024-жылы декабрда кармалган салык кызматкерлери көрсөтмө беришкен», — деп жазды басылма.

Ал арада «Азаттык» радиосу экс-депутат жана «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго «Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо» беренеси боюнча сыртынан айып тагылганын кабарлады. Азыр ишкердин кайсыл жерде экени белгисиз.

Басылманын маалыматына ылайык, бул иштин алкагында 31-январда Тыныбек Исаев камакка алынган.

«Бул өзүнчө, жакында эле 9-январда "уюшкан кылмыш тобун каржылаган" деп козголгон кылмыш иши. Өткөн жума күнү анын Тыныбек Исаев деген таякеси кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ага ошол каржылоого байланыштуу чогуу болгон деген айып тагылды», — деп билдирди компаниянын юристи Акыл Кунакунов.

Азырынча УКМК бул иш боюнча комментарий бере элек.

«Аю» компаниясы өлкөдө алкоголдук продукцияларды өндүргөн ири ишканалардын бири. Ал Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген «АЮ Ассоциациясы» холдингинин туундуу компаниясы болуп эсептелет. Холдингдин курамына мындан тышкары түрдүү тармактарда иш алып барган 20дан ашык компания кирет.