Маданият министрлигине жаңы гимн боюнча 16 долбоор келип түштү

Бул тууралуу парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитеттин 17-февралдагы жыйынында маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ долбоорлорду кабыл алууну улантууда.

Ажымалиев мындан тышкары министрликтин почта дарегине 234 кыргызстандыктан 401 сунуш келип түшкөнүн белгилеп, депутаттардан жаңы гимнди даярдоо мөөнөтүн узартууну өтүндү. Комитет мүчөлөрү аны 21-апрелге чейин узартууга макул болушту.

Буга чейин Маданият министрлиги гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыялап, ага композиторлорду, акындарды жана чыгармачыл жамааттарды катышууга чакырган. Анда жеңүүчүгө 1,5 млн сомдук сыйлык берилери айтылган.

Гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу былтыр октябрдын аягында көтөрүп чыккан. Ал муну гимнде советтик калдыктар бар экени жана ырдоого татаал экени менен түшүндүргөн.

Төрага өлкөнүн жаңы гимнин 2025-жылдын апрелине чейин кабыл алуу тапшырмасын берген. Бул үчүн депутаттык жана мекемелер аралык комиссиялар түзүлгөн.

Мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.