Бишкек: Курманжан Датка көчөсүн кеңейтүү үчүн 45 имарат жарым-жартылай бузулушу мүмкүн

Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсүн кеңейтүүнү пландоо учурунда 45 имараттын кызыл сызыктан чыгып кеткени аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 29-апрелде калаа башчысы Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүн текшерди. Учурда ал тилкеде жол оңдоо жана жылуулук түйүндөрүн жаңылоо иштери жүрүүдө.

Мэр тиешелүү мекемелерге кызыл сызыкка чыгып кеткени айтылган тилкелердин кимге таандык экенин аныктоо үчүн, документтерин текшерүү тапшырмасын берди. Ошондой эле аталган көчөдөгү чарба субъектилеринин ээлерине имараттардын фасадын шаардык дизайн-кодго ылайыктап иретке келтирүү зарылдыгын түшүндүрүү тапшырылды.

«Зарыл болсо, менчик ээлерине альтернативдүү жер тилкелерин берүү мүмкүндүгү каралат», — деп белгилешти мэриядан.

Мындан тышкары мэр шаардык кызматтарга көчө жарыгын жакшыртуу, аймакты көрктөндүрүү, тротуарларды оңдоо жана санитардык талаптардын сакталышы боюнча тапшырмаларды берди.

Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясы президенттин кеңсеси — «Ынтымак Ордо» жайгашкан Айтматов проспектисин кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул үчүн шаар бийлиги жол боюндагы теректерди кыюудан тышкары, андагы үйлөрдүн тосмолору менен курулмаларын бузуп жатат. Үй ээлери мэриянын бул аракетин мыйзамсыз деп атап, кенемте талап кылууда.