Жүрөк хирургиясы институтундагы өрт: 25 бейтап ооруканада калууда

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттөн улам башка ооруканаларга которулган 25 бейтап дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бейтаптардын 13ү балдар, учурда алардын экөө оор абалда реанимацияда жатат.

Калган бейтаптардын абалы канааттандыраарлык деп табылып, үйлөрүнө чыгышкан.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунда өрт 11-февраль күнү кечинде чыккан. Анда мекемеде 104 киши болгон. Жыйынтыгында эки бейтап — 16 жаштагы өспүрүм жана 1 жаш 7 айдагы наристе көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги кырсык болгон маалда алар жасалма дем алдыруучу аппаратка туташып турушканын билдирген.

Милиция «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрт жабдуулардын биринин аккумуляторунун жарылуусунан улам чыккан.