Орусия: Мигранттардын орус тили боюнча тест тапшырбаган балдары мектепке кабыл алынбайт

Орусиядагы мектептер кийинки окуу жылынан тарта мигранттардын орус тили боюнча тест тапшырбаган балдарын кабыл албай баштайт. Мындай милдеттүү тестирлөө 2025-жылдын 1-апрелинен киргизилүүдө.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин билим берүү жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Өзгөртүүлөрдүн автору жана Мамдуманын вице-спикери Ирина Яровая бул «орус жарандарынын билим алуу укугунун корголушун камсыз кылууга мүмкүндүк түзүп, анын жеткиликтүүлүгү менен сапатын кепилдей турганын» билдирген.

Орусиянын Агартуу министрлиги чыгарган буйруктун долбооруна ылайык, эгер мигранттын баласы милдеттүү тил курстарына катышпаса жана сынак тапшырбаса, анда анын ата-энеси административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

«Жаңы Европа» басылмасынын маалыматына караганда, курстардын акысын мигранттар өздөрү төлөшү керек болот — баласы курска катышпаган учурда камкордук органдары үй-бүлөнүн жашоо шартын текшерип, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп бере алат.

Ошол эле маалда милдеттүү орус тил курстарынын баасы азырынча белгисиз.

«Буйрукта орус тилин окутуу боюнча “жалпы өнүктүрүүчү программалар” жөнүндө гана жазылган. Алсак, “Орус тилин чет элдик тил катары окутуу боюнча эл аралык борбордогу” үч айлык курстун акысы 39 800 рублди, “Ачык билимдин” төрт айлык курсу 14 370 рублди түзөт», — деп жазылган макалада.

Басылманын маалыматына ылайык, министрлик ошондой эле мектептерге кабыл алууда талап кылына турган документтердин тизмесин кеңейтүүнү да пландап жатат. Алардын арасында жеке идентификациялык номур, жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандыруу номуру (СНИЛС), медициналык маалымкат, ошондой эле бармак изин тапшыргандыгын ырастаган документ бар.

Жаңы мыйзамга ылайык, мектептер мигранттардын балдары өлкөдө мыйзамдуу жүргөн-жүрбөгөнүн да текшере башташат.

2024-жылы сентябрда Орусиянын Агартуу министрлиги билим берүү мекемелерине ар бир класска же бакчадагы ар бир топко орус тилин жакшы билбеген үчтөн ашпаган гана чет өлкөлүк баланы кабыл алууну сунуштаган. Мекемеден мындай балдардын көп болушу билим берүү процессине терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалашкан.

Көп өтпөй Москвадагы кыргызстандыктар расмий иштеп жүргөндүктөрүнө карабастан, балдарын мамлекеттик мектептерге киргизе албай жатканына даттанышкан.

2024-жылдын башында жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык бар. Алардын канчасы мектеп курагында экени белгисиз.