Президент Садыр Жапаров 22-февралда «Кабар» агенттигине маек куруп, «Клооп» менен Temirov Live'дын Бишкектеги Barça футбол академиясы жөнүндөгү иликтөөсү боюнча комментарий берди.
Журналисттердин материалында Кыргызстандагы Barça академияларын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашырып жаткан компаниялардын түз же кыйыр түрдө УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге байланышы бар экени жөнүндө айтылат. Журналисттердин маалыматына ылайык, Борбор Азияда Barça академияларын куруу франшизасына ээлик кылган «Жал Групп Азия» компаниясы Бишкектеги академиянын жана «Барселона» аттуу элиталык турак жай комплексинин курулушуна деп Президенттин иш башкармалыгынан 17 гектар жер тилкесин ижарага алган. Ал жердин базар баасы $64,3 млн бааланат.
Президент маегинде долбоор өзүн 20-30 жылда актай турганын, «андан кимдир бирөө кыйраткан деле пайда көрбөстүгүн» билдирди.
«Мейли ким болбосун курулушка катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объекттер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт», — деди ал.
Жапаров ошондой эле журналисттердин өзүн курулушка катышууга чакырды.
«3-4 блок берели курсун. Сөз берем. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт. Мындай сынчыларды акыркы 30 жылда элдин баары билип бүттү. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп алдыга карай кете берели», — деди президент.
«Барселона» турак жай комплексинин курулушу 2027-жылдын августунда аяктайт деп пландалууда. Ал жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзгөн батирлер менен коммерциялык объектилерден туруп, чарчы метринин баасы $2 миңден башталат. Журналисттер курулуш компанияларынын буларды сатуудан түшкөн кирешеси $360 миллиондон кем болбой турганын эсептеп чыгышкан.