Жапырт башаламандык уюштурууга шектелген 11 киши кармалды, арасында мурдагы ЖК депутаты бар

ИИМ жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көрүү шеги менен 11 кишиден турган топ кармалганын билдирди. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты да бар.

Мекеменин маалыматына ылайык, 20-февралда милицияга «Кырк уруу жети дубан ынтымагы» коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандардын арасында «жапырт башаламандыктарды даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушуларды байма-бай уюштуруп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция, митингдерди уюштуруп жаткандыгы» тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча «Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу жапырт башаламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери 24-февралда коомдук бирикменин айрым мүчөлөрүнүн үйүн тинтүүгө алып, анын жүрүшүндө граната, чолок мылтыктар, тапанча, ок-дарылары, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, жапырт башаламандык уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарактар, унаа номерлери, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдары табылган.

ИИМдин басма сөз кызматы ошондой эле белгисиз кишилердин өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча планды талкуулап жатканы делген сүйлөшүүнүн аудиосун жарыялады. Анда алардын бири муфтий кызматына бара турганын айткан.

ИИМдин Тергөө кызматына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты баштаган 11 киши жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш боюнча тергөө амалдары уланууда.