8-март өттү. Эркек депутаттар кайрадан гендердик квоталарга нааразы

Депутат Арсланбек Эгембердиев аялдар үчүн каралган квоталар «адилетсиздикке» алып келерин билдирди. Анын айтымында, парламентте аялдар үчүн орундардын үчтөн бири партиялык тизме боюнча гана бөлүнгөн, ал бир мандаттуу округдар боюнча шайлоодо иштебейт.

«10 миң кишинин добушун алган эркек талапкер эмес, 100 добуш алган аял талапкер депутат болуп келүүдө», — деди ал.

Депутат Нилуфар Алимжанова квоталар өтө маанилүү экенин белгилеп, парламентте социалдык маселелерди дал аялдар көтөрүп жатканын айтты.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу дүйнөнүн көп өлкөсүндө гендердик квоталар жок экенин билдирип, аял депутаттарды чыгып сүйлөбөй эле коюуга чакырды.

«Сиздер ыраазы болуңуздар. Мындай квота бир дагы өнүккөн демократиялык өлкөдө жок*. Германияда, Англияда, Францияда, АКШда жок. Талкууга катышпай эле кол чаап колдоп бергиле. Биз силер үчүн камкордук көрүп жатабыз, силер үчүн биз эле сүйлөп коелучу», — деп кайрылды ал аял депутаттарга.

Жооп катары эл өкүлү Надира Нарматова Курманжан датка сыяктуу лидер аялдар чыккан Кыргызстандын тарыхын унутпоого чакырды. Айсулуу Мамашева парламентте аялдарды жана балдарды коргоо маселелерин аялдар гана көтөрүп келээрин билдирди.

Төрага пикирин өзгөрткөндө

Төрага Тургунбек уулу буга чейин аялдар парламентте эркектерден орун талашып жатканын айтып, бир канча жолу квоталарга каршы пикирин билдирген. Бирок 8-мартта ал Кыргызстанда аялдарга өзгөчө мамиле жасалаарын айтып, өлкөдө аялдар үчүн гендердик квоталар бар экенин билдирген. Ошол эле маалда ал квоталарды сынга алган эмес.

«Биз парламентте ар бир үчүнчү орунду аялдарга квота кылып берип жатабыз. Мындай бир дагы өлкөдө жок, бизге гендерди үйрөткөн мамлекеттердин биринде да жок. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө 90 депутаттын 20сы аялзатынан», — деген ал. 90дун 20сы — бул 30% эмес, а 22,2% болот.

Кыргыз саясатында жана мамлекеттик кызматтарда гендердик теңсиздик маселеси көптөгөн жылдардан бери актуалдуу болуп келет. Аялдарга саясатка аттануу жана жетектөөчү кызматтарда калуу кыйла кыйыныраак.

«Клооп» 2021-жылдагы изилдөөсүндө Кыргызстанда аял аткаминерлер үчүн «айнек шып» бар экенин аныктаган: кызмат канчалык бийик болсо, анда аялдар ошончо аз болот.

Эркек депутаттар нааразы болуп жаткан квоталар парламентте, жергиликтүү кеңештерде, Конституциялык жана Жогорку соттордо, ошондой эле БШКда, Эсеп палатасында жана Акыйкатчы институтунда гана иштейт (чынында анча деле жакшы иштебейт).

Соттордун, министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын көбүндө квоталар жок. Мисалы, Минкабдагы министрлердин арасында бир гана аял бар — билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева. Дагы бир аял — Рахат Керимбаева — Минкабга караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикти жетектейт.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында аялдар Бишкек же Ош шаарларынын мэри болуп дайындалган эмес. Облус башчысы кызматына чейин саналуу гана аял жеткен. Бул тема боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн баары тең кызмат канчалык жогору болсо, анда иштеген аялдар ошончо аз болорун көрсөтүп келет.

* Редакциядан Тургунбек уулуна жооп.

Көптөгөн өлкөлөрдө гендердик квоталар бар — анын ичинде төрага айтып өткөн Францияда да. Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн парламенттеринде, өкмөттөрүндө, ал эмес компаниялардын директорлор кеңештеринде да квоталар каралган.