Кыргызстанда товарлардын көпчүлүк түрү үчүн ЭТТК жокко чыгарылды

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта мунай, алкоголь жана тамеки продукцияларынан башка товарлардын түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү колдонуу талабы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЭТТК дары-дармектер жана медициналык каражаттар үчүн 2027-жылдан тарта милдеттүү болуп калат.

«Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТК модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар эсептен чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Салык кызматы мындан тышкары патенттин негизинде жүргүзүлө турган ишмердүүлүктүн жаңы түрүн киргизди — базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес аянттарды соода иши үчүн ижарага берүү.

Ошондой эле 2025-жылдын 1-майынан тарта электрондук эсеп фактураны товар жеткирилгенден кийинки беш күндүн ичинде тариздөө талап кылына баштайт.

Кыргызстанда ЭТТКны толтуруу 2023-жылдын башынан бери милдеттүү болуп калган. Бирок бул талап жана салык тармагындагы башка жаңы киргизилген эрежелер көп жолу соодагерлердин нааразычылык акцияларына себеп болгон. Алар бийликтен ЭТТК менен эсеп-фактураларды жокко чыгарып, патентти кайтарууну өтүнүшкөн.

Былтыр декабрда Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны салыктык жана бюджеттик негизги беш гана товар түрүнө калтырууну сунуштаган: мунай, алкоголь ичимдиктери, тамеки, дары-дармек жана медициналык буюмдар. Ошондой эле ал ЭТТК шашылыш түрдө жана жетиштүү изилденбей киргизилгенин белгилеген.