Бишкекте милиция кызматкерине пара берген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран зордуктоо фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүүнүн алкагында милицияга жеткирилген. Сүйлөшүү учурунда ал маселесин оң жакка чечип берүү үчүн укук коргоо кызматкерлерине акча сунуштаган.
Шектүү ошол эле күнү 40 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда кармалган. Мындан тышкары ал пара катары милиция кызматкерине бир тай сунуштаган.
Милиция «Пара берүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.