Орусияда курулуш компаниясы 22 млн рубль төлөбөй койгон жумушчулардын арасында кыргызстандыктар да бар

Омск шаарында «РСК Монолит» курулуш компаниясы менен субподрядчы жалдаган жумушчуларына 22 млн рубль же 273 миң доллар төлөбөй койгон. Бул тууралуу «Настоящее время. Азия» басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, айлыгын ала албай жаткан жумушчулардын арасында жүздөгөн кыргызстандыктар да бар.

Курулуш компаниясынан журналисттерге бардык каражат субподрядчыга которулганын, бирок ал жумушчуларга маянасын төлөп бербегенин айтышкан. Өз кезегинде субподрядчы курулуш компаниясы аларга акча которбогонун билдирүүдө.

Жыйынтыгында жумушчуларга маяна төлөбөгөндөн тышкары, аларды жашап жаткан хостелдеринен чыгарып, тамак-аш менен камсыз кылбай калышкан.

Курулуш компаниясын сотко берген жумушчулардын көбү Кыргызстанга кайтып келишкен. Алар кыргыз бийлигинен бул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп жатышат.