Мурда сүрөт өзү эле баарын айтып тургандай сезилчү. Бүгүн болсо, андай эмес. Нейротүйүндөр бир заматта каалаган «репортажды» жазып, каалаган адамыңдын жүзүн тартып берет. Керек болсо текстиңди белгилүү адамдын үнүнө салып окутуп, видеону чыныгы турмуштун сюжетиндей кылып монтаждап берет. Өз көзүң менен көрүп айырмалай албай каласың. Мисалы, батутта секирген коёндордун желдей тараган видеосу толугу менен жасалма интеллекттики экени анык болгон/
https://vt.tiktok.com/ZSApq5KnQ/?_ia=1l7yzzbma46q6E
Кээде алдаш үчүн баш-аягы кыркылган эски видеолорду, киностасма же оюндардын үзүндүлөрүн аралаштырып, ага жаңы баяндама жазып, реалдуу окуя катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Ошондуктан азыр визуалдык нерселер далил катары эсептелбей калды. Азыр эң башкы эреже жөнөкөй: көргөнүңө ишене бербе. Сүрөт жана видеолор да «кыйкырган» баш темалар сыяктуу эле кылдат текшерилүүгө тийиш.
Кантип текшерүү керек?
- Биринчи булакты табыңыз
Фото: сүрөт (Google Images, Яндекс.Картинки, TinEye) аркылуу издеңиз. Алгач кадрды толугу менен, кийин деталдарын. Күзгү ыкмасын да колдонуп көрүңүз (орусча айтканда — зеркалирование).
Видео: негизги кадрлардын скриншотун кылып, аларды сүрөт аркылуу издөөгө салып көрүңүз.
- Эң алгач пайда болгонун аныктаңыз
Чыккан жыйынтыктарды салыштырып, биринчи жарыя болгонун табыңыз. Эстен чыгарбаңыз: «жүктөлгөн күнү» ≠ «тартылган күнү».
- Тартылган жерин салыштырыңыз
Такталар, тил, унаалардын номерлери, архитектура, кызматтардын эн белгилери — мунун баарын карта же спутник менен салыштырып көрүүгө болот.
- Убактысын салыштырыңыз
Аба ырайына, мезгилге, көлөкөлөргө, кийимдерге көңүл буруңуз. Булар съемка качан болгонун, «бүгүнбү» же башка күнү болгонбу айтып бере алат.
- Фейктерди ажыратып, өзүнчө караңыз
Кадр кинотасмадан алынган жокпу, жарнама же сатира эмеспи, текшериңиз.
- Чыныгын аныктаңыз
Жасалма интеллект көп учурда кемчилигин өзү эле көрсөтүп коет: кайталанма текстуралар, кыйшык манжалар, кызыктай көлөкөлөр, «калкыган» контурлар, ооздун кыймылы менен үндүн дал келбөөсү ж.б.
- Ырастоолорду издеңиз
Башка ресурстар, күбөлөрдүн посттору, жергиликтүү ЖМКлардын же кызматтардын билдирүүлөрү менен салыштырыңыз.
Бул кадамдар — сиздин коопсуздуктун минимуму. Кадр кынтыксыз көрүнүп турса да тизме боюнча карап, текшериңиз. Буга көп деле убакыт кетпейт, кетсе бир нече мүнөт кетер, бирок фейктердин жайылышынан сактайт.
Мисалдар
2023-жылы мамлекеттик «Ала-Тоо 24» телеканалы Түркиядагы зилзала жөнүндө сюжет көрсөткөн. Анда авторлор «Сан-Андреас жаракасы» деген тасманын кадрларын колдонушкан. Кийин сюжетти өчүрүп коюшкан.


Эгер бир нерсе күмөн жаратып же өтө эле идеалдуу көрүнүп жатса — бул аны терең казып текшерүүгө себеп. Анткени азыр жасалма акыл жасаган видео жана сүрөттөр жайнайт.
Мисалы, бул роликте «нейрокыз» фон менен жуурулушуп тургандай, ал эми чачтарын карасаңар — кыймылдабайт: шилтеме
Ал эми бул видеонун 6-секундунда аттардын бири баратып эле жок болуп кеткенин көрүүгө болот: шилтеме
Күмөн жаралдыбы, демек, бул кошумча текшерүүгө негиз
Текшерүүнүн кошумча ыкмалары
- Жасалма интеллект (ЖИ) детекторлору. TrueMedia өңдүү сервистер жасалма видеону аныктап бере алат. Бирок алар жаңылган учурлар деле арбын. Ошондуктан аларды акыркы чындык катары эмес, кошумча жооп булагы катары колдонуңуз.
- Белги коюу (маркировка). Кээде YouTube менен TikTok ЖИ-контентти белгилеп коёт. Бирок кээде ал толук болбой, авторлору деле ачыгын айтпай коюшу ыктымал.
- Үн. Сөз менен ооздун кыймылы дал келбесе же көчөдө тартылган видеодо студияда жаздырылгандагыдай таза үн колдонулса — бул коңгуроо. Видеонун ыргагын жайлатып, кулак төшөп көрүңүз.
- Негизги кадрлар. 3-5 скриншот кылып, издөө сервистерине (Google Images, Яндекс.Картинки, TinEye) салып көрүңүз. Эң эле биринчилерден болуп жарыяланганын табыңыз. Бул ыкма көп учурда түп нускасын таап чыгат же кайсы бир тасма же жарнаманын үзүндүсүн көрсөтүп берет.
Кийинки сабакта Google'дан кантип оңой издөө керектигин үйрөнөбүз.





