6-сабак: Гуглдан оңой издөө

Кээде жооп үстүдө эле калкып жаткан болот, бирок көбүнчө — ызы-чуунун арасында болот. Мыкты издөө — бул суроону сүйлөм кылып толук жазуу эмес, конструктор сыяктуу суроо-талап катары чогултуу. Чыпкалап, кыска-нуска жана так.

Суроо-талапты кыскача бир сүйлөмгө түзүңүз: ким/эмне/кайда/качан. Ашыкчанын баарын суроо-талаптан алып салуу кажет. 

Пайдалуу командалар:

site: — белгилүү бир сайттан издөө 

Мисал: орточо эмгек акы site:stat.gov.kg

AND — эки сөзгө караштуу шилтемелер

Мисал: Жапаров AND Кумтөр

filetype:pdf — файлдарды издөө

Жапаров AND Кумтор filetype:pdf

Эскилерин иргеп алып салуу 

Google’да Инструменттер → Мезгили боюнча (За период) дегенди басып, диапазон коюңуз (мисалы, «жыл ичиндеги» же өзүңүзгө керектүү убакыт аралыгы). Бул эски, кереги жок макалалардан арылтат.


Кийинки сабакта интернетте жеке коопсуздукту камсыздаганды, алданып калбаш үчүн эмне кылуу керектигин карап чыгабыз.