Мигранттардын үй-бүлөcүн акысыз дарылоодон баш тартканы үчүн Кыргызстан Орусияны сотко берди

Минск шаарындагы ЕАЭБ сотунун имараты

Кыргызстан ЕАЭБ сотуна Орусияга каршы доо арыз берди. Буга орус тараптын эмгек мигранттары боюнча макулдашууну аткарбай жатканы себеп болду. Бул тууралуу 24.kg жана Kaktus.media жазды. Маалыматка караганда, 27-январда Жогорку Кеңештин Эмгек жана социалдык маселелер боюнча комитет жыйынында Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов билдирди.

«Кыргыз тарап ЕАЭБдин макулдашууларында жазылган талаптарды аткарбаганы үчүн Орусияны сотко берди. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси Орусияда иштегендердин үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы берилиши керек. Бул макулдашууга беш мамлекет кол койгон [...] Орус тарап ушул кезде аталган макулдашуунун 96-97-беренелерин бузуп, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө “ММК” (ОМС) берүүдөн баш тартып жатат», — деп жазды Мукановдун айткандарын басылмалар.

Жыйында кайсы макулдашуу тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган жок. Жогоруда айтылган беренелерге караганда, бул Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндөгү 2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн беш мамлекети тарабынан кол коюлган келишим болушу мүмкүн (XXVI бөлүм «Эмгек миграциясы»)

Бул Келишимдин 96-беренесинде, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр өз ара макулдашуунун негизинде миграция саясатын жүргүзөт, ал эми «мүчө өлкөлөрдүн эмгек миграция жаатындагы кызматташтыгы адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо принциптерине негизделген» деп жазылат.

97-98-беренелерге ылайык, ЕАЭБде жумуш берүүчү союзга кирген башка каалаган өлкөнүн жаранын уруксат документи же патенти жок эле жумушка жалдай алат. Ошол эле учурда, жумушчу жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жашап жаткан өлкөнүн жарандары сыяктуу эле социалдык камсыздандырууга (анын ичинде ОМС) жана медициналык тез жардам алууга акысы бар.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына Орусияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) 2017-жылдын 1-январынан тартып жеткиликтүү боло баштаган. Евразиялык экономикалык комиссия, мында ЕАЭБ жарандары үчүн МКК аркылуу акысыз меджардам алууга толку кандуу жетишүү — орусиялыктар сыяктуу эле — тууралуу сөз болгон деп түшүндүрүп берген. Ал үчүн жергиликтүү жумуш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин ( ЕАЭБ Келишиминин 98-беренесинин 4-пункту) көрсөтүү керек. Эгерде эмгек келишими жок болсо, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга туура келет.

Бирок бул жардамдын көлөмүн ЕАЭБ Келишиминин №30 Тиркемеси бир кыйла чектейт. Документке ылайык, ЕАЭБ жарандарына шашылыш жана тез жардам гана акысыз көрсөтүлөт. Алардын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген олуттуу коркунучтун алдын алгандан кийин, калган дарыланууну өз чөнтөгүнөн төлөшү керек. Же болбосо, өз өлкөсүнөн медициналык эвакуацияны төлөп алып кетүүсүн талап кылыш керек болот.

Кыргызстан доо арыз берүүгө кайсы окуя себеп болгонун 24.kg дагы, Kaktus.media басылмасы дагы так жазган эмес. Бирок 2025-жылы ноябрда Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин Орусияда чет элдик жарандардын медициналык полис алуу шарттары өзгөртүлгөнүн жарыялаган болчу. 28-ноябрдан тартып, Орусияда беш жыл мыйзамдуу иштеген мигранттар гана акысыз дарылана алат. Бул ЕАЭБ Келишимине жана №30 Тиркемеге карама каршы келет.

«Кыргыз Республикасы ЕАЭБ сотуна арыз берди, азыр иш каралып жатат, эки жумадан кийин чечим чыгат», — деп билдирди депутаттарга Азамат Муканов.

ЕАЭБ соту Минскте жайгашкан. 2024-жылдан бери соттун төрагасы орусиялык кадрдык дипломат Алексей Дронов. Сотто Кыргызстандын атынан төраганын орун басары, КРнын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Айжамал Ажибраимова катышууда.