Баарыңарга салам! Сиздер менен сиздер сүйгөн экстремист Ринат Тухватшин. Бүгүн, кыргыз бийлиги менин ишмердүүлүгүмдү жана «Клооптун» материалдарын экстремисттик деп тапкандан кийин дагы биз менен калып, материалдарыбызды окуган, видеолорду көрүүнү улантып жатканыңыздар үчүн рахмат айтып кетмекчимин. Өзгөчө биздин контентке жактыруу белгисин басып, комментарий калтырып жана бөлүшүп жаткандарга ыраазычылык. Анткени бул ишмердүүлүлүк азыркы Кыргызстанда кооптуу болуп калды.
Аны менен катар, биздин материалдарды көргөн, окуган, бирок лайк басып же бөлүшүп, тобокелчиликке барбагандарга дагы ыраазычылык айтам. Бүгүн, кантип лайк баспастан эле бизге колдоо көрсөтүүгө болорун айтып берем. Мен бул ыкманы «үнсүз же көрүнбөгөн лайк» деп атайм. Биринчи кезекте, биздин видеону ачсаңыз акырына чейин көрүңүз, карточканы окусаңыз акыркысына чейин окуп чыгыңыз.
Социалдык тармактар бизди баштан аяк көрүп чыкканыңызды эске алат дагы, кийинки жолу сизге жана сиз сыяктуу башка колдонуучуларга башка материалдарыбызды дагы сунуштап баштайт. Ушул эле ыкманы, экстремисттик деп табылган башка ЖМКлар үчүн дагы колдонууга болот.
Эркин медиаларды колдоонун дагы бир ыкмасы — материалдарды көрүп чыккан соң, соцтармактагы биздин эн тамганы басып, биздин баракчанын башкы бетине кирүү. Ушундай кадамдан кийин, биздин дагы 1-2 материалды көрө аласыз.
Үчүнчү ыкма — биздин баракчанын башкы бетине кирип, баяндоодогу шилтемени басуу. Бул кадамдар соцтармактарга баракча кызыктуу, демек аны жайылтуу керек деген түшүнүктү берет. Албетте, бул аракеттер салыштырмалуу коопсуз, анткени сиз кайсы баракка киргениңизди сизден башка эч ким көрө албайт. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Бизди окуңуз, видеолорду көрүңүз, биз сизден колдоо күтөбүз.
Дисклеймер: Ринат Тухватшин ИИнин жардамы менен кыргызча сүйлөдү





