Орусиянын энергетика министри менен жолуккан кыргыз делегациясынын курамында Алексей Ширшов дагы бар

Москва шаарында, бир караганда энергетика тармагындагы катардагы өкмөттүк иш чарадай сезилген жолугушуу өттү. Анда орус тарапты энергетика министри Сергей Цивилев баштап келди. Баарынан кызыгы — кыргызстандык делегация. Минкаб төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев жана энергетика министри Таалайбек Ибраевден тышкары, бир кездеги кыргызстандык бозгун коррупционер Алексей Ширшов дагы бар.

Ширшов деген ким?

Алексей Ширшов Курманбек Бакиев президент болуп турганда, алгач «Түндүк электро» жана «Электр станцияларынын» финансылык директору, кийин «Дастан» корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

Андан тышкары, ишкерлерге рейдерлик басып алуулары менен атагы чыккан Бакиевдин кичүү баласы Максимдин досу жана үзөңгүлөшү болчу.

Ширшов мамкызматта иштеп турганда эл арасында энергетика тармагындагы коррупциялашкан иштерди сүрөттөгөн «ширшовдун схемалары» деген лакап тараган. Бүгүнкү күндө Ширшов кайраган кыргыз тараптын энергетика тармагындагы делегациясын коштоп жүрөт.

2010-жылы апрель революциясынан кийин Ширшов өлкөдөн качып кеткен. Анда Убактылуу өкмөт аны эл аралык издөөгө берген. Ага тапшырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу боюнча айып тагылган.

Арадан 12 жыл өткөндөн кийин, 2022-жылы 10-майда Ширшов кыргыз УКМКсы тарабынан кармалган. Бирок бир күн кармалып, аны Бишкектин Биринчи май райсоту үй камагына чыгарган.

Ошол эле күнү, бул окуяга президент Жапаров өзү комментарий берип, Ширшов тергөө менен кызматтууга макул болгондуктан үй камагына чыкканын айткан. Президенттин айтымында, ал бийликке Максим Бакиевдин 200 миллион долларын кайтарууга көмөктөшмөк.

Аны менен катар, президент Ширшов менен жарым жыл мурда эле жолукканын жашырган эмес.

2022-жылы жайында Ширшов ошол кездеги Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Azino777 онлайн казиносуна байланышы бар чет элдиктер менен жолукканы белгилүү болгон.

Анда үй камагындагы адам Акылбек Жапаров менен чет өлкөдө жүргөнү кызуу талкуу жараткан. Журналисттер Ширшов отурган жеке учак 2022-жылы 12-июнда Хорватияга учуп кеткенин жазышкан.