«Ширшов маселени чечип берет». Кыргызстан «Русгидро» компаниясына 54 млн доллар карыз

Минкабдын төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Максим Бакиевдин досу Алексей Ширшов «Жогорку Нарын ГЭС каскады» боюнча орусиялык делегация менен Москвадагы жолугушууга катышканын тастыктады.

Аткаминердин айтымында, Ширшов өкмөттө иштебейт, бирок «көйгөйдү чечүүгө жардам берип жатат» жана «долбоорду ийне-жибине чейин билет». Мунун баары «Русгидронун» Кыргызстанга каршы доо арызына байланыштуу.

«Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов проектти майда-чүйдөсүнө чейин билет», — дейт Аменгелдиев.

«Русгидро» эмне болду эле?

Энергетика боюнча акыркы жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт мүчөлөрү жана бир кездеги бозгун коррупционер Алексей Ширшовдон тышкары «Русгидронун» өкүлү да болгон.

«Русгидро» Кыргызстанды көптөн бери билет. 2012-жылы компания Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура баштаган. Анда төрт ГЭС куруу пландалган – «Ак-Булуң», «Нарын ГЭС-1», «Нарын ГЭС-2» жана «Нарын ГЭС-3». Долбоордун баштапкы наркы $727 млнго бааланган.

2016-жылы январда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев келишимди бир тараптуу бузган, ушундан кийин холдингдин жетекчилиги курулушка салган 37 млн долларын артка кайтарууну талап кылган.

Кыргызстан инвесторлордун акчасын кайтарууга шашкан эмес, анткени парламенттин депутаттык комиссиясы объектилердин баасы өтө эле жогорулатылганын аныктаган. Кыргыз тарап «РусГидрону» эл аралык сотко бермек болгон.

2017-жылы жайында кыргыз өкмөтү ГЭС каскадын чехиялык Liglass Trading CZ комапниясы менен куруп бүткөрүүнү чечкен. Чех компаниясы Ак-Булуң ГЭС жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруп, ишке киргизип, «РусГидро» компаниясынын карызын 2017-жылдын 18-сентябрына чейин төлөшү керек болчу.

Liglass Trading $37 млнду өз убагында төлөбөгөндүктөн кыргыз бийлиги алар менен келишимди бузган. Компаниянын жетекчилиги бул чечимден улам Кыргызстан менен эл аралык сотто сүйлөшөрүн айткан. Гаага сотуна «РусГидро» дагы арызданган.

2018-жылы орусиялык инвесторлор «Жогорку Нарын ГЭС каскады» ЖАКдагы акцияларын 2,5 млн сомго сатарын жарыялаган. «РусГидронун» жетекчилиги анда алардын холдинги үчүн долбоор «өзүн актабай турганын», бирок алар кыргыз бийлигине ГЭС каскадын куруп, 37 млн доллар карызды төлөй турган инвестор издөөгө жардам берерин жарыялаган.

2020-жылы ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу болуп турган Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун жандандырууну убада кылган. 2022-жылы июлда Гонконгдогу арбитраждык сот орусиялык «РусГидро» компаниясынын Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арызын жарым жартылай канааттандырган.
Соттун чечимине ылайык, Кыргызстан «РусГидро» тарабынан ГЭС каскадын курууга салган акчасын ордуна тургузуп бериши керек болчу.