ЖМКда Тай-Мурас Ташиев суракка алынганы кабарланды, ИИМ болсо маалыматты төгүндөдү


ЖМКда Тай-Мурас Ташиев суракка алынганы кабарланды, ИИМ болсо маалыматты төгүндөдү

Бир нече ЖМК жеке булактарына таянып УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас ИИМге суракка чакыртылганын жазды. «Азаттыктын» журналисттери ИИМге тактоо үчүн кайрылып, кийинчерээк маалымат берилет деген жооп алышкан.

Көп өтпөй, «Акипресс» агенттиги ИИМге таянып, Тай-Мурас Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасына байланышкан иш боюнча сурак берген жок деп жазды. Бирок ал таптакыр сурак берген жокпу же башка иш боюнча сүйлөшүүгө бардыбы түшүнүксүз бойдон калган.

Дал ушундай эле жооптуу ИИМ «Азаттыкка» да берген. Мекеменин басма сөз кызматкери Султан Макилов «Кыргызнефтегаз» ишканасына иш козголгонун тастыктап, бир нече адам суракка чакыртылганын, алардын арасында Тай-Мурас Ташиев жок экенин айтып берди.

Тай-Мураска каршы кандай иш болушу мүмкүн?

Буга чейин соцтармактарда экс-чиновник Бакыт Төрөбаев менен иниси, ЖКнын мурдагы депутаты Эркин Жолдошалиевдин сүйлөшүүсү тараган. Анда Төрөбаев Жолдошалиевге кайрылып, Тай-Мураска каршы рейдерчилик боюнча комментарий алууну көздөгөндөр бар экенин айткан. Жолдошалиев болсо Ташиев анын заводу менен дүкөнүн ыктымал тартып алганын тастыктаган. Кийин Тай-Мурас Ташиев интервью берип, Жолдошалиевдин жерин сатып алганын ырастап, бирок эч кандай завод болбогонун айтып берген.

Тай-Мурастын аты башка дагы журналисттик иликтөөдө айтылган. Журналисттер Камчыбек Ташиев УКМКны башкарып калган соң, уулу Тай-Мурас мамлекеттик сатып алуулар тармагында ийгиликтүү боло баштаганын байкашкан. Ага таандык «Мока Групп» компаниясы бир катар мамлекеттик тендерлерди утуп алган. Ал эми «Томас и Ко» компаниясы болсо ондогон миллион сомдук тендерлерди уткан.

Тай-Мурас Ташиевдин катыштыгы бар «Тез жол» жана «Жагалмай» ишканалары Өзгөндөгү айланма жолду курган. «Жагалмайдын» негиздөөчүлөрүнүн бири мурдагы транспорт министри, учурунда кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган Нурлан Сулайманов. Temirov Live басылмасынын иликтөөсүнөн кийин Тай-Мурас Ташиев жол куруу боюнча долбоордон чыкканын жарыялаган.

Андан тышкары, Тай-Мурас Ташиевдин аты Салык кызматынын «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы акча кымыруу боюнча жаңы иликтөөсүндө дагы айтылат.

 

Ташиев-нефть

Салык кызматынын иликтөөсүндө «Кыргызнефтегаздын» карамагында «Кыргыз петролеум» мунайды кайра иштетүүчү заводу болгону айтылат. «Кыргызнефтегаз» мунайдын бир бөлүгүн өздөрү мунайды кайра иштете албаган, ошол эле «Кыргыз петролеум» үчүн күйүүчү май жеткирүүдө ортомчу болууга аргасыз жеке компанияларга сатып келген. Калган бөлүгүн кайра эле ошол «Кыргыз петролеумдун» кызматын пайдаланган инвесторлорго берип турган. Эки схемада тең Камчыбек Ташиевдин жакындары фигурант болушкан.

Ошол кезде заводду Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган. Ал эми ортомчу компаниялардын арасында Тай-Мурас Ташиевдин, Казыбек Ташиевдин жана Шайырбек Ташиевдин компаниялары бар эле.

Салык кызматынын видеосу жарыялангандан кийин ИИМ «Кыргызнефтегаз» ишканасынын иши боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Ал эми Салык кызматынын төрагасы Алмамбек Шыкмаматов буга чейин мекеме «Кыргызнефтегаздын» ишмердүүлүгүн текшерүүдөн айбыгып келгенин айткан.

«Ачыгын айтыш керек, “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Силер жакшы билесиңер, биздин салыкчылардын айрымдары да УКМКнын тузагына илинип, камакта отурат ушул убакка чейин. “Кыргызнефтегазды" текшерүү мүмкүн эмес болчу. Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык. Эми эки жол турат: же ачыкка чыгыш керек же жаап-жашырып коюш керек болчу. Биз ачыкка чыгардык», — дейт ал.

Иликтөө үчүн камоолор

«Кыргызнефтегаздагы» схемалар тууралуу көптөн бери айтылып жүргөн. 2022-жылы 20-январда Temirov Live басылмасы ушул боюнча иликтөө чыгарган. Журналисттер УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышы бар компания эки күндө 37 млн сом пайда тапкан «Ташиевдердин схемасы» жөнүндө айтып беришкен.
Иликтөөнүн фигуранттары Ташиевдин туугандары Байгазы Матисаков, Казыбек Ташиев жана Шайырбек Ташиевдер болчу. Салык кызматынын жаңы иликтөөсүндө Темировдун ушул иликтөөсүнөн цитаталар келтирилген.

22-январда иликтөөчү-журналист Болот Темиров кармалып, укук коргоо органынын кызматкерлери анын чөнтөгүнө баңгизат салып, кийин аны таап чыгышканын жарыялашкан.

Ошол эле күнү Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналисттерди жалган айтууга айыптаган.

«Temirov Live аттуу сайттын мен тууралуу айткандары карандай калп. Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот. Бул менин турмуштук терең позициям [...] Байгазы Матисаков менин жээним болот, атасы жаш кезинде кз жумган [...] ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуйт», — деп айткан анда Камчыбек Ташиев.

23-январда Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, мазут саткан ишкананын ишин тактага жазып кенен түшүндүрүп берген.