Башпрокурор, Улуттук банктын экс-төрагасы, Финкөзөмөлдүн экс-башчысы санкцияга илиниши мүмкүн

Улуу Британия Кыргызстандын башкы прокуроруна жана бир нече экс-чиновниктерге жекече санкция салышы мүмкүн. Мындай өтүнүчтү 22-апрель күнү британ парламентинин өкүлдөрү ТИМ башчысына жолдошту.

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев жана марттын орто ченинде кызматтан алынган Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев, жана Финкөзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Марат Пирназаров Улуу Британиянын чектөөлөрүнө кабылышы ыктымал.

Британ парламентинин мүчөлөрү Тышкы иштер министринен криптовалютаны колдонуу менен Орусияга санкциядан буйтап өтүүдөгү ролу буларга «чара көрүүнү» талап кылышкан».

«Кыргызстанга чара көрүүгө мезгил жетти, — деп жазылган тышкы иштер министрине жазылган катта. — Орусияга санкцияны айланып өтүүгө ачыктан-ачык кол кабыш кылууда өзгөчө орду бар Кыргызстандын кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышы керек».

Бул каттын көчүрмөсүн Henry Jackson Society деп аталган таасирдүү британ аналитикалык борбору Х-аккаунтуна жарыялаган.

Парламент мүчөлөрүнүн кат жазуусуна изилдөөчү Алекс Браудердин «Криптовалюта базарларындагы мыйзамсыз финансылык гидраларга каршы туруу» деп аталган баяндамасы себеп болгон. Баяндама дагы ушул Henry Jackson Society аналитикалык борбору тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айында жарыяланган.

Каттын авторлорун Кыргызстанда соодаланып жаткан орусиялык А7А5 стейблкоини өзгөчө тынчсыздантып жатат. Бул криптовалютаны санкциялык тизмедеги Промсвязьбанк орус мамлекеттик банкы иштеп чыккан.

Браудердин маалыматына караганда, А7А5 Орусия үчүн санкцияны айланып өтүүгө, акча адалдоого, мыйзамсыз трансчекаралык төлөмдөрдү аткарууда «негизги куралга» айланды. Изилдөөгө таянуу менен, депутаттар А7А5 аркылуу орус тарап 100 млрд доллар алып өтүшкөнүн айтышууда.

«Азыр Кыргызстан санкцияны буйтап өтүүдө кеңири роль ойноп жатканы белгилүү болду. Буга Орусияга багытталганы ачык байкалган импорттун кескин жогорулашы да далил боло алат», — деп жазылган катта. — Мисалы, ЕБнин Кыргызстанга экспорту 2021-жылдагы 263 млн евродон 2024-жылы 2,73 млрд еврого өскөн. Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан берки аралыкта, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы расмий соода, каттоодон өтпөгөндөрдү кошпогондо, 68,8%га жогорулаган».

Кыргызстанга каршы санкциялар

Катка 22-апрелде — Евробиримдик Орусия жана анын союздаштарына каршы санкциялардын 20-топтомун кабыл алгандан бир күн мурда кол коюлган. Ушул топтомдун алкагында Кыргызстан да чектөөлөргө кабылды.

Кыргызстан Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн жазаланган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Буга чейин ЕБ айрым бир банктарга жана компанияларга чектөө коюп келген болчу. Эми өлкөгө сандык башкаруудагы станокторду жана радиотехникалык жабдууларды, ошондой эле башка бир катар товарларды Европадан экспорттоого тыюу салынат.

Ушул эле 20-топтомдо Евробиримдик санкция тизмесине рублдик А7А5 стейблкоинин сатууда ири платформаны башкарганы үчүн кыргызстандык ТенгриКоин компаниясын киргизди.

Дал ушул криптовалюта менен иштеген кыргыз компаниялары Евробиримдик менен Улуу Британиянын назарына мурда дагы илинген болчу. 2025-жылдын август жана октябрь айларында Кыргызстанда каттоодон өткөн Grinex криптобиржасы дагы чектөөгө дуушар болгон.

Grinex молдовалык бозгун олигарх Илан Шорго караштуу. Шор азыр дагы Кыргызстан аркылуу санкцияны буйтап акча которууларда Орусияга жардам берип келет. Ал үчүн кыргызстандык эки мамлекеттик банктын кызматын колдонот.