Кыргызстан Орусиянын Украинага каршы согушуна катышпаганы менен, Европа Биримдигинин түз санкциясына кабылган алгачкы өлкө болуп калды. Ал арада президент Жапаров Владимир Путинге жолугуу үчүн Москвага барды.
Евробиримдик 23-апрелде Орусияга каршы санкцияларлын 20-топтомун кабыл алып, ал өз кезегинде Кыргызстанга түздөн-түз тийиштүү болуп чыкты. Эми Кыргызстанга Европадан сандык башкаруудагы станокторду жана радиотехникалык жабдууларды экспорттоого тыюу салынды.
Комиссия мындай кадамын Орусияга Кыргызстан аркылуу артыкчылыктуу товарлардын реэкспорту айрыкча жогорулаганын көрсөткөн соода маалыматтарынын анализи менен түшүндүрдү. Бул Орусияга Украинага каршы согушта кыйла көмөктөшөт. Алардын маалыматына караганда, 2025-жылдын алгачкы 10 айында, согушка чейинки көрсөткүчкө салыштырганда, Европадан Кыргызстанга жогорку тобокелдиктеги товарларды импорттоо дээрлик 800%га өскөн.
Евробиримдик өзүнүн корутундусунда, тиркеме катары, Кыргызстандын бийлиги менен көптөгөн сүйлөшүүлөргө жана кеңешмелерге карабай, республика реэкспортту токтотууга жетиштүү чара көргөн жок деп жазды.
«Кыргыз Республикасынын Евробиримдиктен импорттолгон жана Орусияда учкучсуз учуучу аппараттарды жана ракеталарды өндүрүүдө колдонулган айрым станокторду жана телекоммуникациялык жабдууларды Орусияга сатуу, жеткирүү, өткөрүп берүү же экспорттоону алдын алууда жетишсиз аракеттеринен улам Евробиримдик санкцияны буйтап өтүүгө каршы механизмдерди ишке киргизди»,— деп айтылат алардын пресс-релизинде.
Баса, учкучсуз учуучу аппараттарга токтолсок, апрелдин башында Садыр Жапаров «Дастан» мамлекеттик заводуна барып, атамекендик учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү тапшырган. Бул демилге эмне болот, азырынча белгисиз.
Ал арада президент Садыр Жапаров Путин менен жолугуу үчүн Москвага учуп барды. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Президенттер атайын маектешүү өткөрөт жана аны атайын тамактануу учурунда улантышат. Толукформаттуу жана узакка созулган сүйлөшүүлөр күтүлүп жатат», — деп билдирди Песков.
Буга чейин «Рейтерс» агенттиги европалык дипломаттарга таянуу менен, Евробиримдик орусиялык крипто активдерге жардам бергени үчүн мамлекеттик «Керемет банк» жана «Капитал банкка» санкция салууга белсенип жатканын жазган.
Бул Кыргызстан Орусияга көмөктөшкөнү үчүн Евробиримдиктин көзүнө чалдыгып жаткан учурдун алгачкысы эмес. Буга чейин «Толубай банк», «Евразиялык сактык банк» жана Grinex криптобиржасы санкция тизмесине кирген.
Grinex — Кыргызстанда катталган криптовалюта биржасы. Ал аркылуу молдовалык бозгун олигарх Илан Шор Орусияга санкцияны буйтап, А7А5 стейблкоинди сатууга жардам берген.
Ушул жылдын январь айында, «Клооп» Илан Шор Орусияга санкцияны буйтоого жардам берүү үчүн Кыргызстанды кандайча пайдаланып жатканын айтып берген. Ал бул схемада мамлекеттик банктар менен компанияларды дагы пайдаланган.



