Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу иши боюнча акталды. 18-май күнү Жогорку сот мурдагы эки инстанциянын чечимин жокко чыгарганын экс-депутат ЖМКга маалымдады.
Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жатканда, ошол кездеги УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенде башталган.
Кайым айтышууда Бакиров суу кыргыз тарапка керек экенин айтып, Ташиевге «өзбек тарапка Кемпир-Абадга сол жээк каналды эмне үчүн курбай жатасыңар деп суроо салдыңарбы» деп кайрылгандан кийин башталган.
Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакировду трибунадан «энеңди с…» деп сөккөн. Ага 2021-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «добуш сатып алган» деген айып тагылып, 2023-жылы августта мандатынан ажыратылган. Андан соң Бакиров Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгарылган.
Өмүрбек Бакиров деген ким?
Өмүрбек Бакиров Ош облусунун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар шайлоо окуругунан депутат болуп шайланган.
Бакиров Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында Иса Өмүркуловдун ордуна КСДП фракциясынын лидери болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында болгон.
«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Ошондой эле ал кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин «өкүл баласы» экени айтылган — Анапияев 2015-жылы Белорустун Минск шаарында киши колдуу болуп каза тапкан.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы Бакиров менен Анапияевге карата «Адам уурдоо», «Карактоо», «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Кийинчерээк сот аларды актаган.
Мындан сырткары, Бакиров 2010-жылы Убактылуу өкмөттү «күч менен кулатууга аракет кылган» деген айып тагылган. Ал эми Бакиров бул айыптоолорду четке кагып келет.




