Каракол шаарында 19-майда тынымсыз жааган жамгырдан улам «Хан-Теңири» кичи районундагы төрт блок үйдүн батирлерин суу каптады. Аталган кичи районду Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жатат.
Күбөлөр үйдүн чатырынан кирген суу кабаттардын баарын каптап жатканы боюнча бир нече видео жарыялашкан. Жертөлө, биринчи кабат жана подъезддерге олуттуу зыян келтирилип, батирлердин ичине киргенин көрүүгө болот.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан суу каптоого түтүктөргө тиричилик таштандылары толуп калганы себеп болгонун айтышууда.
МИК бул көйгөй аталган үйлөргө гана тийиштүү экенин, кичи райондогу башка объекттерде коркунуч жок экенин айтып жатат.
«Мамлекеттик ипотекалык компания жабыркаган батирлерди өз эсебинен калыбына келтирүүнү толугу менен мойнуна алат. Тургундарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт, оңдоп-түзөө иштери жасалат», — деп билдиришти МИКтен.
МИК куруп жаткан «Хан-Теңири» кичи районуна 2025-жылы августтан тартып жашоочулар кире башташкан. Ал кезде президент Садыр Жапаров тургундарга 420 батирдин ачкычын тапшырган.
Кичи райондо тогуз кабаттуу 69 блок, анда 3105 батир бар. Авто токтотмо, заманбап мектеп жана бала бакча, мечит куруу пландалган.
МИКти каржылоого мамлекеттик бюджеттен дагы акча каражаты каралган, ал эми турак-жай куруу үчүн жер тилкелери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекер берилген.
Курулуштун сапаты, жалданмачы компанияларды тандоодогу бүдөмүк схема жана турак-жайдын чарчы метри өтө кымбат бааланганы үчүн МИКке буга чейин далай ирет сын айтылган.




