Каракол шаарындагы МИК курган үйлөрдүн жашоочулары аталган турак-жайларды суу каптаган учурлар буга чейин да болгонун айтышууда. Алардын айтымында, өткөн жылдын күз айларында жашап баштагандан бери, батирлер менен тепкичтерге үчүнчү жолу суу кириши.
«Үчүнчү жолу суу каптап жатат. Силер бул жашоочулардын таштандысы деп интернетке туура эмес маалымат берип жатасыңар. Чатырда кандай таштанды болушу мүмкүн?», — деген суроо узатышты жашоочулар.
«Хан-Теңири» кичи районундагы батирлердин кожоюндары 19-майдагы суу каптоонун расмий жарыяланган себеби көйгөйдү толук чагылдырбайт дешүүдө — үйлөргө чатырдан гана эмес, терезелерден дагы суу кирген.
Жашоочулар Мамлекеттик ипотекалык компаниядан түшүндүрмө талап кылып, бирок жооп катары «Эмоциясы жок сүйлөшөлү» деген жооп угушту.
Караколдо 19-майда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан «Хан-Теңири» кичи районундагы төрт блок үйдү суу каптаган.
МИКтен суу каптоого түтүктөргө тиричилик таштандылары толуп калганы себеп болгонун айтышууда.
МИК бул көйгөй аталган үйлөргө гана тийиштүү экенин, кичи райондогу башка объекттерде коркунуч жок экенин айтып, жабыркаган батирлер мекеменин эсебинен калыбына келтирилет деп убада берген.
МИК куруп жаткан «Хан-Теңири» кичи районуна 2025-жылы августтан тартып жашоочулар кире башташкан. Ал кезде президент Садыр Жапаров тургундарга 420 батирдин ачкычын тапшырган.
МИКти каржылоого мамлекеттик бюджеттен дагы акча каражаты каралган, ал эми турак-жай куруу үчүн жер тилкелери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекер берилген.
Курулуштун сапаты, жалданмачы компанияларды тандоодогу бүдөмүк схема жана турак-жайдын чарчы метри өтө кымбат бааланганы үчүн МИКке далай ирет сын айтылып келет.




