Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков Садыр Жапаровго кайрылып, президенттин экс-кеңешчисинин басымы жана коркутууларынан улам депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө мажбур болгонун айтты.
Бул окуя 23-июнда, Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарынын алкагында, Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу учурунда болду.
Бул жолугушууда Асанбеков мурда Бишкек шаардык кеңешинде «Эмгек» партиясынан депутат болуп, бирок кийин мандатын тапшырууга аргасыз болгонун айтып берди. Асанбеков соцтармактарда Бишкектин жана Чүй облусунун тургундарынын көйгөйлөрүн көтөрүп келген. Депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп берердин алдында, ал Орто-Сай көрүстөнүнүн тушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын коомчулукка жарыялаган болчу.
Президент Асанбековдон мандатын тапшырууга ким мажбурлаганын ачык айтуусун талап кылып, «Эмгек» партиясына ээлик кылган «Дордой» базарынын кожоюндарыбы — Салымбековдорбу деп тактады. Буга Асанбеков төмөндөгүдөй жооп берди:
«Алар дагы болуп жатат. Анан сиздин кеңешчиңиз Кубандыков Жаныбек Абдывахитович чалып: “Же камаласың же барып мандатыңды тапшыр” дешти. Барбай, тапшырбай койдум. Таң атканча, саат бешке чейин кармашты. Саат беште, тогуз ай боюнда бар аялыма чалышыптыр. Ал телефон чалууну укканда суусу кетип, ооруканага алып кетишиптир. Мага: “Аялың ооруканада, кызыңды танда же мандатыңды танда дешти. Мен мандатымды тапшырып бердим».
Асанбеков бул окуядан кийин президентке кат түрүндө дагы кайрылганын, бирок катты Боршайкомго кетиришкенин кошумчалады. Прокуратура болсо бул ишти карабайбыз дешкен. Ушул тапта Асанбеков сотко кайрылып, депутаттык мандатын кайтарып алууга аракет кылып жатат.
Садыр Жапаров бул ишти прокуратура кайра карай турган иш экен деп айтып, ал эми Жаныбек Кубандыков анын кеңешчиси эмес экенин баса белгиледи.
«Ал менин кеңешчим эмес. Тээ, 2021-жылдары мен жаңы келгенде коомдук башталыштагы кеңешчи деп күбөлүктөр берилет эле. Ошентип бир 20 чакты кишиге күбөлүк бердим эле дагы, кийин бир жылдан кийин кайра алып койгом. Ошондон бери эле кеңешчи, кеңешчи дешет…», — деди Жапаров.
Президент Кубандыков жакында эле кармалып чыкканын, «эки-үч иштери бар экен, ошону бүтүрбөсөң кайра камаласың» деген шарт менен үй камагында жүргөнүн кошумчалады.
«Решала»
УКМК кызматкерлери 21-майда президенттин экс-кеңешчиси Жаныбек Кубандыковду алдамчылыкка шектеп кармаган, ал эми 6-июнда ал үй камагына чыккан.
УКМКнын маалыматына караганда, Кубандыков чет элдик инвесторлордун 5,5 миллион долларын алып койгон. Кубандыковдун аялы, Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова соцтармактагы барагына күйөөсү эки чет элдик кишини тааныштырып гана койгонун жазган. Алардын бири — Орусиянын жараны — Польшанын жаранын алдап кеткен. Кайрылбекова күйөөсү Кубандыков «бул эки кишини тааныштырганы үчүн гана күйүп жатканын» айткан.
Кубандыков кармалгандан кийин блогерлер менен соцтармактын активдүү колдонуучулары аны колдогон постторду жазып, ар кыл иш-чаралардан бирге түшкөн сүрөттөрүн жүктөй башташкан. Жазгандар аны Ак үйдө байланышы көп, берешен киши катары сыпатташкан. Андан тышкары бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрө деп да аташкан. «Азаттык»басылмасы болсо Кубандыковду тар чөйрөдө «решало» деп аташканын белгилеген.
Ишкер Урмат Байматов болсо Кубандыковдун ар кандай адамдар менен жолуккан кеңсеси болгонун, келгендердин арасында инвесторлор да бар экенин айтып берген. Кубандыков кеңсеге келгендердин ичинен олуттууларын тандап, президент Садыр Жапаровго жолуктуруп турган.
Асанбеков эмнеге мандатын тапшырган?
27-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган. Өзүнүн айтымында, мандатын чиновниктер жакындарын айтып коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алышкан. Муну ал депутаттык активдүү ишмердүүлүгү менен байланыштырган.
Мунун алдында Асанбеков коомчулукка «жер мафиясы» тууралуу маалымат тараткан. Ал Орто-Сай көрустөнүнүн түбүнө санитардык нормалар сакталбастан көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын аныктаган.
«Нурзаман» компаниясы «Валенсия» деген ээлиталуу көп кабаттуу үйдү мүрзөлөгө такай, 60-70 метр аралыкка курса, «Ширин Бизнес Групп» компаниясы 26 метр аралыкка ден соолук чыңдоочу борбор салууда. Санитардык нормаларга ылайык, ар кандай курулмалар колдонуудагы көрүстөндөн 100 метрден кем аралыкка салынбашы керек.
Бирок Бишкектин шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы көрүстөн 2018-жылы эле жабылган, депутат жалган маалымат таратты деп билдирген. Бирок Асанбеков мүрзө колдонулуп жатканын, бир ай мурда сөөк коюлганын далилдеп берген. Мындан тышкары, «Ширин Бизнес Групп» курулуш компаниясы жабык көрүстөндөн деле 50 метрден кем эмес аралыкта курулуш жүргүзүү керек деген санитардык нормаларды бузганын аныктаган.
Бул окуядан кийин Асанбековго кысым башталып, акыры мандатынан ажыратышкан. 14-майда Орто-Сай көрүстөнү дагы бир жолу жабылды деп жарыяланган. Курулуш министрлиги болсо «Ширин Бизнес Групптун» ден соолук чыңдоочу борборунун котлованын даярдоо иштери токтотулганын билдирген. Ал эми «Нурзаман» көп кабаттуу үйдүн курулушун улантууда.
«Клооптун» журналисттери «Нурзаман» жана «Ширин Бизнес Групп» компанияларын териштирип, булар президент Жапаров менен УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын чөйрөсүндөгү кишилерге байланышы бар экенин аныкташкан.
«Нурзамандын» негиздөөчүлөрү «Мекенчил» депутаттык тобунун экс-депутаты Нурбек Алимбековдун аялы Гүлназ Тороева жана Алимбековдун мурдагы кеңешчиси Адылбек Асанов.
Гүлназ Тороева экс-депутат Шайырбек Ташиевдин баласынын «Дос Гидро» ЖЧКдагы өнөктөшү. Мындан тышкары, ушул эле фирмада тең негиздөөчүлөр Шайырбек Ташиевдин достору.
Ал эми Адылбек Асанов бир гана УКМК төрагасынын жакын кишиси эмес. 2020-жылы ал Садыр Жапаров менен бир столдо отуруп, парламент депутаттарын Жапаровду премьерликке бекитпесеңер «тытып кетебиз» деп коркуткан жайы бар.
Бул окуядан кийин Асанов мурдагыдан да ийгиликтүү ишкерге айланган. Анын компаниясы Бишкек жана Ош шаарларында сегиз турак-жай комплексин куруп келет. Алардын айрымдары кылмыш куугунтугуна кабылган ишкерлерге таандык жер тилкелерге курулууда.




