Автордук укук үчүн даттануу. Кыргызстанда бийликке сын айткандарды соцтармакта кантип бөгөттөп жатышат

Соцтармактарда Кыргызстандын бийлигине сын айткан аккаунттардын бери дегенде экөө, аларга автордук укуктун ыктымал бузулушу боюнча жапырт даттануулар келип түшкөнүн айтып чыгышты. Авторлор бийлик алардын ишмердүүлүгүнө каршылыгын ушундай жол менен билдирип жатат дешет.

Satyr Jutarov аккаунтунун авторлору алардын аккаунтуна чабуулдар 24-июлда башталган айтышат. Азыр алардын соцтармактагы барактарынын көпчүлүгү блоктон чыкты, бирок ондогон видео тасмалар бөгөттөлгөн же өчүрүлгөн. Ал эми жапырт даттануулар дагы деле токтой элек.

Satyr Jutarov аккаунтунун инстаграмда 11 миң катталуучусу бар барагы эки жумадан бери жеткиликсиз болуп турат.

Satyr Jutarov — ар башка соцтармактарда президент Садыр Жапаров тууралуу сатиралык, мультипликациялык видеолорду жарыялаган аккаунт.

Автолор, жапырт даттануулар — бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун дарегине айтылган сатирага бийликтин реакциясы деп эсептешет.

Ушул эле аралыкта автивист, эколог Самат Кушбектин постторуна автордук укук боюнча жапырт даттануулар түшө баштаган. Ал билдирүүлөрүндө бийликти жана президент Садыр Жапаровду көп сындайт.

Азыр Кушбектин 76 миң катталуучусу бар инстаграм аккаунту бөгөттөлгөн. Өзүнүн айтымында, 60ка жакын видеосу банга кеткен.

Экологдун фейсбуктагы аккаунту азырынча иштеп жатат, бирок даттануулардан улам социалдык тармак өзү анын 83 ролигин өчүрүп койгон.

«Ар бир видеого аппеляция берип жатам, бирок чамам жетпей жатат», — дейт Самат Кушбек «Клоопко» курган маегинде.

Анын айтымында, инстаграм аккаунту төртүнчү жолу бөгөттөлүп жатат. Биринчи жолу майда, Ысык-Көлдө «Формула — 1» жарышын өткөрүүгө каршылыгын айтып чыкканда банга түшкөн.

Соцтармактагы контентке автордук укук боюнча даттануу — публикацияны өчүрбөсө дагы, жок дегенде убактылуу соцтармактан өчүрүп коюнун кыйла таасирдүү ыкмасы.

Соцтармактарга ээлик кылган компаниялар адатта мындай даттанууга чагылгандай тез реакция кылып, автоматтык түрдө банга салат. Андан соң даттануу процесси башталат, бирок ал деле бир нече аптага созулуп, акырында баары бир публикация өчүрүлүшү мүмкүн.

Бир эле аккаунттун ар башка материалдарына жапырт даттануу түшкөндө алгач бөгөттөлөт, бирок кээде аккаунтту таптакыр өчүрүү менен дагы аякташы мүмкүн. Бул ыкманы кээде шылуундар популярдуу аккаунттарды «тартып алуу» үчүн колдонушат. Айрым учурда бийлик медиа менен сын айткандарга карата пайдаланат.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө бул схема сааттай иштейт

Борбор Азия мамлекеттеринде бийликти сындаган аккаунттарга акыркы убактарда автордук укук боюнча жапырт даттануулар көп түшүп жатат. Мындай көйгөйгө Казакстан жана Өзбекстандын көз карандысыз журналисттери да кабылышкан.

Өзбекстандык журналист Юсуф Рузимуродов «Клоопко» маек куруп, анын соцтармактагы аккаунттары 2026-жылдын январь айынан бери бөгөттөлүп турганын айтып берди. Анын айтымында, кесиптештеринде дагы болжолу ушул убакыт аралыгында көйгөй башталган.

Эң алгач жуналисттин Ютуб-каналы бөгөттөлгөн.

«Январга чейин баракчаларымды бөгөттөшөт деген ой да болгон эмес. Менде бир дагы страйк жок болчу, жаңылбасам», — дейт Рузимуродов. «Биз кесиптештер менен ойлонуп жатканбыз, азыр болсо бул өзбек бийлигинин кылганы экенине көзүм жетти».

Журналисттин айтымында, бардык даттануулар бир эле электрондук даректкен келген. Акыркы видеолорго гана эмес, беш жыл мурдагы — канал жаңы-жаңы иштеп баштагандагы тасмаларга дагы доомат түшкөн.

«Беш жылдык видеолорго өзүн автормун деп, автордук укук боюнча көптөгөн даттанууларды жиберишкен. Мен өзүмдүн видеолорума плагиат даярдаган болом да ошондо? Өзүм кадрда жүрөм болбосо», — деп айтып берди журналист.

Рузимуродов даттанууларга апелляция жибергенин айтат, бирок майнап чыккан эмес. Өз алдынча да, юрист менен биргеликте дагы даттанууга аракет кылган.

Рузимуродовдун айтымында, бир маалда ошол эле электрондук почтадан кат келип, эгерде апелляцияны токтотпосо башка соцтармактагы барактары дагы жабыларын эскертип, коркуткан кат келген.

«Акыры ошондой эле болду. Алгач фейсбук, кийин инстаграм [өчтү]. Экөөнү тең дээрлик бир убакта бөгөттөштү», — деп жыйынтыктайт ал.

Казакстандык «Республика» басылмасынын дагы соцтармактагы барактары бөгөттөлгөн.

Бийлик басылманын сайтын 2025-жылы ноябрда бөгөттөгөн. ЖМК билдиргендей, 2025-жылы декабрда алгач ирет инстаграмдагы барагы автордук укукка байланышкан даттануулар үчүн бөгөттөлгөн.

Медиа бөгөттөөнү андан бир аз мурда жарыяланган публикацияга байланыштырат. Анда башка эле ЖМКнын, атайын кызматтын өкүлү соцтармактагы журналисттердин, активисттердин, блогерлердин барактарын өчүрүп жатканы тууралуу материалын бөлүшкөн болчу. Басылманын маалыматына караганда, бул пост 350 миңден ашуу көрүү топтогон.

Автордук укуктун ыктымал бузулушу боюнча даттануулар 10-июлда кайрадан келе баштаган. Бул жолу «Республиканын» Ютуб-каналы кабылган. Редакциянын маалыматына караганда, канал бөгөттөлүшү мүмкүн, ушул тапта алардын 9 видеосу өчүрүлгөн. Басылманын башкы редактору Ирина Петрушова, азыр видеонун өзүнө эмес, анын мукабасына автордук укук боюнча дооматтар келип жатканын айтат.

«Бул чындап эле бийликтин жаңы фишкасы окшойт, анткени буга чейин бардык кесиптештерибиздин видеолоруна даттануу келип жаткан болчу», — дейт Петрушова.

Бул казак бийлигинин колунан келген иш экенинен күмөн жок дейт ал.

«Биз бул Акорданын кылганы деп эсептейбиз, же атайын кызматтар тийиштүү агенттиктерди жалдаган болушу мүмкүн», — дейт «Республиканын» башкы редактору.

Анын пикиринде, бийлик мындай жол менен бийликке жакпаган контентти гана өчүрбөстөн, журналисттерди ары-бери сүйрөп жүдөткүсү келип жатат.

«Ушинткен сайын ал-күчүбүз, каражатыбыз кетип жатканын алар жакшы түшүнөт. Каражат — бул дайыма эле акча эмес, бул корогон убакыт. Жана бул жөн гана жүдөтмөй», — деп эсептейт Петрушова.